Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медербек Алиев: “Популизмден кайталы, Японияда бир депутаттын он жардамчысы бар”

Медербек Алиев: “Популизмден кайталы, Японияда бир депутаттын он жардамчысы бар”

16-сентябрь, 16:31
638 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Медербек Кубанычевич, депутаттардын айлыктары, депутаттык фондулары жогорулашына көз карашыңыз кандай?

-- Жалпы айлыктар, бүт мамлекеттик кызматкерлердин маяналары жогорулады. Ошонун арасында депутаттардын айлыгы да. Мен ойлойм, таза, коррупцияга аралашпаган, жалаң айлыкка жашаган депутаттардын айлыгы жогорулаганы туура эле көрүнүш. Себеп дегенде, азыркы учурда жашоо-шарт, ал-ахыбал   кандай экенин билесиңер. Элге жагымдуу кылып, кулакка уккулуктуу сөздөрдү деле айтсам болмок. Бирок, мен адилеттүүлүккө жакын айткым келет. Айлык канчалык жогоруласа, таза иштегенге, эл менен жакшы иштешкенге ошончолук ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

-- Айлыктардын жогорулаганы кандайдыр бир өлчөмдө коррупцияга бөгөт коёт дейсизби?

-- Кайсы бир деңгээлде ооба. Популизмден кайтыш керек да. Японияда бир депутаттын он жардамчысы бар. Себеби, депутат чындап эл менен иштегенге дилгирленсе, алар менен тыгыз байланышта болуш керек да. Буту бир жерде тынбай, бүт регионду кыдырып жүрүүгө тийиш. Мунун баары каражатты талап кылат. Ошондуктан, бул популярдуу эмес, бирок, керектүү эле чечим болду деп ойлойм.

-- Бирок, маселе жабык эшик артында каралганы бир аз күдүк ойлорду пайда кылды. Ачык эле карасаңыздар болбойт беле?

-- Мен ал күнү жок элем. Өз ара кеңешип, ошондой чечим кабыл алышыптыр. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер