Министр Кочкоров портреттен саясат жасап, улуу инсандарды бөлүп-жара береби?
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кабинетине Сооронбай Жээнбеков менен Исхак Разаковдун портреттерин илип алыптыр. (Кайсынысы чоң экени көрүнүп турат.) Шартка жараша президенттин портрети илинип турушу логикалуу. Ал эми Разаковдун сүрөтүн тагып алганын кандайча түшүнөбүз? Эгерде Кочкоров жеке фирманын директору болсо, анда кеп башка эле. Бакыйган министр болуп туруп, ушундай жердешчилик, бөлүнүп-жарылууга барганы кандай? Айталы, анда эмне үчүн кабинетине Абдыкадыр Орозбековдун, Жусуп Абдрахмановдун, Турдакун Усубалиевдин портреттерин илбейт? Бул улуу инсандар Кыргыз мамлекетинин түптөлүүсүнө, өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон эмеспи. Же эмне, Кочкоровдун көзү ачылбай, өзү баткендик болсо эле Разаковду бакыйта чаптай береби? Министр башы менен кыргыздын залкар уулдарын алалай берсе, аягы жакшылыкча бүтпөй калат го?..
Aryba.kg