Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Месси үчүн Аргентина командасына күйөрман болдум”

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Месси үчүн Аргентина командасына күйөрман болдум”

22-декабрь, 19:49
503 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тазабек мырза, жакында эле Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтпөдүбү. Кандай деп ойлойсуз, биздин улуттук командабыз да качандыр бир кезде ушундай дүйнөлүк деңгээлге чыгышы мүмкүнбү?

-- Сөзсүз чыгат! Себеби, андай аруу максат, умтулуу биздин каныбызда бар. Биз баарыбыз эле эс тарткандан баштап топ тээп, футбол ойноп чоңойгонбуз. Бүгүнкү күндө мамлекет, жеке ишкерлер тарабынан минифутбол аянтчалары көп эле курулуп жатат, бирок чоңураак стадиондорду куруш керек. Жакшы машыктыруучуларды тарбиялап, керек болсо башка өлкөлөрдөн жалдап келип,  футболдун саясатын, тактика-стратегиясын иштеп чыгуу кажет. Кудай буюрса, биздин футболчулар да дүйнөлүк деңгээлге чыгат! Бул үчүн чоң мээнет, аракет, анан каражат керек. Мамлекет өзү кызыкдар болуусу зарыл. 

-- Эгер сыр болбосо, чемпионатта кимге күйөрмандык кылдыңыз?

-- Мен жан тарткан Аргентина чемпион болду. Футбол жаңыдан башталганда эле мен достор менен отуруп, “Аргентина финалга чыкса жакшы болот эле” деген каалоомду айткам. Ал кыялым орундалды. Интервью бергенде да “Лионель Мессинин акыркы оюну, баардык титулу бар, бирок дүйнө чемпиону боло элек. Ушул легендарлуу футболист чемпион болуп кетсе экен” дегем. Тилегим кабыл болуп, Аргентинанын командасы утту.

-- Месси үчүн эле күйөрман болдуңузбу Аргентинага?

-- Ооба, Месси үчүн.         

 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер