Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Илич Марсбек уулу: “Азык-түлүккө болгон бааларды арзандатуунун жолун таптык”

Илич Марсбек уулу: “Азык-түлүккө болгон бааларды арзандатуунун жолун таптык”

28-июнь, 13:12
5 974 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айыл чарба министринин орун басары менен маек.

-- Быйыл азык-түлүккө болгон баалар ар кандай себептерден улам өтө эле өсүп кетти. Дагы кымбаттай турганы айтылууда. Буга байланыштуу кризисти жөндөө боюнча кандай иш-чаралар көрүлүүдө?

-- Быйыл биздин эле өлкөдө эмес, коңшу мамлекеттерде да кургакчылык байкалууда. Мындан улам азык-түлүк багытында кыйынчылыктар келип чыкты. Ал эми аны жөндөө боюнча министрликтин планы бар. Биринчиден, айрым товарларды экспорттоого 8-июлга чейин тыюу салынган. Анын ичинде тоют өсүмдүктөрү, буудай, арпа өңдүү продукциялар бар. Бул токтом эми жылдын аягына чейин узартылып жатат. Анын ичинен бир гана малды экспорттоого болгон тыюу алынып салынат. Мындан сырткары, материалдык резервге сатылып алына турган май, кумшекерге болгон кошумча нарк салыгы алынууда. Бүгүнкү күндө фонд сатып алуу иштерин дагы жүргүзүп атат. Ошону менен бирге жалпы эле өлкөгө кирген май, кумшекерге болгон 12 пайыздык салыкты алып салуу министрлер кабинетине сунушталды. Жакынкы күндөрү муну кабыл алуу күтүлүүдө. Эгер ал кабыл алынса, биздин базардагы баалардын ылдыйлашына чоң өбөлгө түзүлөт. 

-- Материалдык резервдер фондуна кайсы азык-түлүктөрдүн корун алуу пландалган?

-- Быйыл материалдык резервдер фондусуна 15 миң тонна буудай сатып алуу пландалган эле. Бирок, акыркы кырдаалдардан улам, аны 20 миң тоннага көтөрдүк. Ал эми Кытай Эл Республикасы менен болгон макулдашууга ылайык, алардан 40 миң тонна ун, 20 миң тонна өсүмдүк майын, 20 миң тонна кумшекерди алып келебиз. Мунун баары резервдик фонддо сакталат. Казакстандан болсо 10 миң тонна ун келет. Россиядан жакында эле 10 миң тонна өсүмдүк майы сактоочу жайга келип түштү. 

-- Кургакчылыктан же дагы башка себептерден улам дыйкандар чыгымга учураса, өкмөт тараптан кандай чаралар каралган? Дегеним, мындай жагдайлардын айынан дыйканчылык менен алектенүү дагы да артка тартылып кетпейби?

-- Эгер быйылкыдай кургакчылык болуп, дыйкандардын продукциясы чыгымга учураса, анда айыл чарба тармагындагы камсыздандыруу системасы аркылуу чыгымдарын төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү боюнча иш жүрөт

-- Ал эми дыйкандар кургакчылыктын алдын алуу үчүн кандай иштерди аткарышы керек?

-- Жердин нымдуулугун сактап туруу үчүн күзгү жана эрте жазда сугаруу системалары бар. Бирок, дыйкандарыбыз аны аткарбай келген. Эми күздөн баштап бул сугат системасын дыйкандар сөзсүз түрдө аткарууга милдеттүү болушат. 

-- Түшүм начар боло турганына байланыштуу тоют маселеси да курч болору айтылууда...

-- Мындай прогноздордон алыс болуш керек. Буудай жана арпа себилүүчү аянттарга жүгөрү себүү пландалууда. 200 тонна жүгөрү үрөнү камдалды. Ал тоют максатына багытталган. Бул план ишке ашса, тоют жаатында маселе болбойт. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер