Кутмырза Жакыбалиев: "Кыргыз тилин баардык чөйрөдө колдонуу аракеттери көрүлүүдө"

КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев менен аңгеме-дүкөн курдук. Кечээ 23-сентябрда улуттук тил – кыргыз тили күнү белгиленди. Буга чейинки жасалган иштер, алдыдагы пландарын ортого салды.
-- Кутмырза, улуттук тил комиссиясында жасала турган иштер чачтан көп экенин билебиз. Анткен менен алакан ушалап коюп жөн жатпасаңар керек?
-- Ооба, туура айтасыз. Мына кечээ эле Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан 23-сентябрь – мамлекеттик тил күнүнө карата “Санариптештирүү процессинин алкагында билим берүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция, кырдаалга байланыштуу, онлайн түрүндө өттү. Конференция кыргыз билим берүү академиясынын, Казак Республикасынын Н.Назарбаев университетинин, Венгриядагы Паннония университетинин, Түркия Республикасынын Ардахан университетинин, Борбор Азиядагы Америка университетинин өкүлдөрү жана башкалардын катышуусу менен болду.
2014-2020-жылдар үчүн багытталган программанын алкагындагы иш-чаралар планынын басымдуу бөлүгүндө окуу китептерин, усулдук колдонмолорду, адабий чыгармаларды, сөздүктөрдү ж.б. басып чыгаруу каралгандыктан, бул иш-чаралардын дээрлик басымдуу бөлүгү ишке ашырылды. Ошондой эле маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө учур талабына ылайык бир катар иштер да аткарылды. Дагы аткарыла турган көп иштер алдыда турат.
-- Мисалы?
-- 2021-2025-жылга болжолдонгон улуттук программанын жаңы долбоору өлкөдөгү калыптанып жаткан тил саясатына жүргүзүлгөн талдоолорго негизделип, тил маселеси боюнча иш алып барган эксперттик коомчулуктун пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкты. Бул документ мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди чечүүгө жана коомдун баардык тармагында мамлекеттик тилдин толук кандуу колдонулбай жаткандыгын шарттаган төмөнкү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган зарылдыктарга негизделген:
-- мамлекеттик тилди билим берүүнүн негизги тилине айландыруу зарылдыгы;
-- мамлекеттик тилди социалдык-коммуникациялык чөйрөдө жайылтуу;
-- коомдо тил маданиятын арттыруу.
-- Аталган зарылдыктарды чечүү жана укуктук ченемдик базаны өркүндөтүү үчүн улуттук программанын жаңы долбоорунда тил саясатын аныктоонун негизги багыттары барбы?
-- Бар. Алар мамлекеттик тилдин укуктук макамын чыңдоо; билим берүүдөгү мамлекеттик тил саясаты; илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил саясаты; мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга коомдун баардык чөйрөсүнүн катышуусун камсыздоо; мамлекеттик тилди санариптештирүү.
Учурда тийешелүү министрлик, ведомстволор менен макулдашуудан өткөн программанын жаңы долбоорунун иш-чаралар планынын индикаторун өз мөөнөтүндө даярдап чыгуу максатында КР БИМ, КР МТММ, КР УИА жана тийешелүү мекемелер менен иш ургаалдуу жүрдү. Улуттук программа (2021-2025) Азыр каржы министрлиги менен чыгымдык эсептерди тактоо иштери жүрүүдө. Бул багытта бир катар аракеттер жасалууда. КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын www.mamtil.kg сайтында кыргыз тилин жеңил үйрөнүү боюнча атайын иштелип чыккан видео сабактар жайгаштырылып, улуттук программанын негизинде басылып чыккан китептердин ж.б. электрондук варианттары орнотулган жана колдонууга баардык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, 2016-жылы мамлекеттик сатып алуулардын алкагында Android жана IOS системалары үчүн “Mamtil Lingvo” мобилдик тиркемеси иштелип чыккан. Бул этникалык топтордун өкүлдөрү, мамлекеттик тилди өздөштүргүсү келген чет өлкөлүктөр үчүн мобилдик телефондорго жүктөө менен тилди үйрөнүүгө багытталган программа. Программаны Google Play жана App Store оперативдик системасы аркылуу акысыз көчүрүп алып колдонсо болот.
-- Биз билебиз, шаардык “киргиздер” жадагалса үйдө да орусча сүйлөшөт. Ал эми бала бакчадагы балдарды айтпай тек коёлу. Көйгөй жок эмес. Мектепке чейин, мектеп курагындагылар эмне кылышат?
-- Улуттук комиссиянын демилгеси менен мектеп курагына чейинки (3-5 жаш) жана башталгыч класстагы (6-10 жаш) балдар үчүн “Бал тил-1” жана “Бал тил-2” аталышындагы мобилдик колдонмолор иштелип чыкты. Мобилдик колдонмолор балдардын кыргыз тилин жеңил үйрөнүүсүнө көмөк көрсөтөт. Аларда сүрөттөр, анимациялар, аудиолор жана логикалык оюндар камтылган. Мындан сырткары, учурда билим берүүнүн баардык тармагында (бала бакча, мектеп, орто, башталгыч жана жогорку окуу жайларда) мамлекеттик тилди окутуунун стандарттарын, окуу программаларын Кыргызтесттин деңгээлдерине ылайык кайра иштеп чыгуу маселеси каралууда.
-- 2019-жылдан тартып Кыргызтесттен мамлекеттик тил билүү деңгээлин аныктаган сертификаты бар абитуриентке артыкчылык бериле баштаганын билебиз. Былтыркы жылы республика боюнча 5166 бүтүрүүчү өз ыктыяры менен Кыргызтесттен өтүптүр. Бул мактоого татырлык нерсе. Ал эми ЖРТга мамлекеттик тилдин кирбей жатышы маселе бойдон калууда...
-- Бул маселе КР Жогорку Кеңешинин №591 токтомунда жана мамлекетик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасында берилгенине карабастан ишке ашыруу кечеңдеп келет.
2016-жылдан тартып баардык аспирант-изденүүчүлөр милдеттүү түрдө мамлекеттик тилден кандидаттык экзамен тапшырууда. Чет элдик аспирант-изденүүчүлөр мамлекеттик тил боюнча сынак тапшырат. Кандидаттык экзамендин жобосу жана типтүү программасы Кыргызстесттин талаптарына ылайык иштелип чыккан.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилди аралыктан окутуу да жолго коюлган. Каалоочулар улуттук комиссиянын mamtil.kg сайтынан Кыргызтестке ылайыкталган А1, А2, В1, В2, С1 деңгээлдери боюнча көнүгүү иштерин, аудио, видео тапшырмаларын аткаруу менен үйрөнө алышат. Эң жөнөкөй А1 деңгээли боюнча даярданган адам кеминде 800 лексикалык минимум билиши керек.
Мындан сырткары, А1, А2, В1, В2 окуу-усулдук комплекстери жана башка улуттун өкүлдөрүнөн турган улуу курактагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн интерактивдик, мультимедиялык “Кыргыз тили” окуу куралы жана мультимедиялык колдонмолору менен дагы mamtil.kg сайтынан таанышууга болот.
-- Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кыргыз тилин кантип үйрөнөт? Бул боюнча кандай маселелер бар?
-- Улуттук комиссиянын көмөгү жана колдоосу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана жаштарга мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүүгө шарт түзүү боюнча “Феномен” коомдук фонду менен тыгыз кызматташуунун жыйынтыгында синтезаторлор иштелип чыкты. Азиз жана көрүүсү начар жаштардын кыргыз тилинде билим алуусун жеңилдетүү максатында бул программалар Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында кыргыз тилинде жогорку билим алууга жардам берет. Ушул эле фонд менен биргеликте Брайл рельефтик-чекиттүү шрифт менен көрүүсү начар жана азиз балдар, өспүрүмдөр үчүн атамекендик авторлордун мамлекеттик тилдеги чыгармалары басылып чыкты. Андан сырткары, “Манас таануу” китеби аудио китеп болуп иштелип чыкты.
Мындан сырткары, улуттук программанын негизинде кыргыз, орус жана эл аралык тилдерин окуткан мугалимдердин жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдында тил окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча инновациялык технологиялар борбору ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде мультимедиялык лаборатория түзүлдү.
Санариптештирүү багытында кандай иштер аткарылып, эмнелер ишке ашты?
“Санарип Кыргызстан – 2019-2023” концепциясын ишке ашыруу жана улуттук санарип контентин мамлекеттик тилде өнүктүрүү максатында улуттук комиссия тарабынан “Кыргыз тилин табигый түрдө иштетүүчү программалык аппараттар” долбоору иштелип чыкты. Долбоордун башкы максаты – кыргыз тилинин табыгый түрдө программалык аппараттар (операциялык системалар, веб жана мобилдик колдонмолор) аркылуу иштелүүсүнө жана кыргыз тилинде иш алып барган жасалма интеллекттин өрчүшүнө шарт түзүү болуп саналат. Кеңири тараган программалык аппараттар аркылуу жарандарыбыз санариптик чөйрө менен кыргыз тилинде байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Долбоорду 4 этап менен ишке ашыруу шарттары каралган.
Биринчи этабы – текстти үнгө айландыруу. Кыргыз тилинде берилген текстти табигый үн менен окуп, колдонуучуларга текстти оңой жана ыкчам түшүнүүгө шарт түзгөн программалык аппарат иштелип чыкты. Мындан сырткары, программалык аппарат аркылуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген (өзгөчө көзү начар көргөн же толугу менен азиз) жарандарыбыздын компьютердик чөйрө менен байланышы мындан ары толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.
Экинчи этабы – үндү текстке айландыруу. Кыргыз тилинде айтылып жаткан текстти санарип текстке айландыруучу программалык аппарат азыркы тапта иштелип чыгууда, ушул жылдын аягына чейин толук иштелип бүтөт. Бул программалык аппараттын негизинде ММК эфирин үзгүлтүксүз анализдөө, автоматтык түрдө стенограмма түзүү сыяктуу мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
Үчүнчү этап бул – текстти түшүнүү (семантикалык анализ). Кыргыз тилиндеги текстти анализдеп семантикалык мазмунун түшүнүүчү программалык аппаратты иштеп чыгуу болуп саналат. Мындай программалык аппарат кыргыз тилин иштеткен жасалма интеллекттин алгачкы кадамын түзөт. Башкача айтканда, программа берилген текстти сөз иретинде бөлүктөргө гана ажыратпастан, тексттин маани-маңызын талдап, бир жыйынтык чыгарат. Бул программалык аппарат менен кыргыз тилиндеги тексттерди толук маанисин жоготпостон автоматтык түрдө башка тилдерге которуу мүмкүнчүлүгү жаралат.
Төртүнчү этап бул – текст түзүү (генерация, семантикалык синтез), берилген суроо же талапка жараша, базасында камтылган маалыматтын негизинде логикалык жана семантикалык мааниси бар натыйжа чыгарган программалык аппаратты иштеп чыгуу. Кыргыз тилин табигый түрдө иштеткен жана ушундай өзгөчүлүктөргө ээ жасалма интеллект ушул долбоордун туу чокусу болуп саналат.
Долбоорду толугу менен ишке ашыруу 2023-жылга чейин каралган. Мындайча айтканда, кыргыз тилинде сүйлөшкөн жасалма интеллект ошол жылдан баштап толук кандуу иштей баштайт.
Айтор, мамлекеттик тилди баардык чөйрөдө колдонууга жетишүү үчүн ар тараптуу тынымсыз аракеттер көрүлүүдө.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити