Атамбаев менен Мадумаров биригеби? Ушул жагы бүйүр кызытууда

Абакта жаткан Алмазбек Атамбаев маал-маалы менен өлкөдөгү кырдаалга баасын берип, саясаттын күрөө тамырын кармаганы, тарапташтарына дем бергени үмүт жаратууда. Эл арасында боор тарткандар, колдогондор күндөн-күнгө арбып баратат. Саламаттыгы начар болсо да, кайратынан жазбай, абактан чыйралып, эр жүрөктүүлүгүн көрсөтүүдө. Бийлик менен “соодалашпаганы” – анын бекемдигин, күрөшчүлдүгүн айгинеледи.
Ал эми эркиндиктеги Адахан Мадумаров айтканынан кайтпаганы, дайыма сын-пикирин айтып, электоратын кеңейтүү менен алектенгенин байкап келебиз. Башта түштүк катмарынан колдогондор арбын болсо, эми Чүйдөн 20 пайыздай тарапташтарга ээ болгону эмнени билдирет? Бир аймактын лидери эмес, жалпы республикалык масштабда канатын жайып, мындан аркы чоң күрөштөргө бел байлагандай. Бийликке айбатын көрсөткөн сайын упай алууда.
Тар чөйрөдөн сүйлөшкөн акылмандардын пикирине таянсак, Атамбаев менен Мадумаровдун биригүүсү күтүлөбү? Ушул жагы бүйүр кызытууда...
"Азия Ньюс" гезити