Алишер Козуев: “Министрлер кабинети жаңы кадамдарга барышы зарыл”


-- Алишер мырза, жазгы талаа жумуштары башталар алдында күйүүчү-майлоочу майлар чоң көйгөйгө айлана баштады. Бул тармакты жакшы билген киши катары көйгөйдү чечүүнүн кандай жолдорун сунуштайт элеңиз?
-- Азыр биз күйүүчү-майлоочу майларды негизинен Россиядан алабыз. Алар менен келишим доллар менен түзүлгөн. Азыркыдай кырдаал дагы канчага созулары белгисиз. Ошон үчүн экономика министрлиги тез аранын ичинде контракттарды өзгөртүп, келишимди рубль менен кайра түзүүлөрү керек. Азыркы күндө ГСМдин таңкыстыгы пайда болууда. Ишкерлер “кымбат баада сатып алалы” десе да алалбай жатышат. Себеби, акча которо албаса алалбайт да. Бул биринчи маселе. Экинчи маселе, рублга өткөргөндөн кийин да Улуттук банк рублдын запасын камсыздап берүүгө тийиш. Азыркы күндө анын запасы жетишерлик эмес. Себеби, биз рубль менен операцияларды эң аз суммада жүргүзгөнбүз. Ошол жактарын да карашыбыз керек.
-- Кечээ экономика министрлигинин өкүлдөрүн комитетке чакырган турбайсыздарбы, алар кандай түшүндүрмө беришти?
-- Алар өздөрүнүн позициясын так билдире алышкан жок. Себеби, экономика министрлигинин нефтетрейдерлер, ГСМ тармагын тейлеген штаттарын эгергетика министрлигине берген экен. Алар “алган эмеспиз” дейт. Айтор, экөө өздөрүнүн жоболорун билбей уят болушууда.
-- Экономикада мындай кризистик кырдаалдар көп болот да. Ошонун алдын алып, жанар майларды алып келүүнүн башка каналдарын издесек болбойт беле?
-- Албетте, болмок. Анүчүн биздин министрлер кабинети башкача, жаңы кадамдарга барышы зарыл. Альтернатива катары үч-төрт өлкө менен иштеши керек эле. Казакстан, Түрмөнстан менен сүйлөшсө болмок. Биздикилер болсо бир гана Россияны карап отурушат. ГСМ берүүчүлөр канчалык көп болсо, анын баасы арзандап, элге жеңил болот.
"Азия Ньюс" гезити











