Акыркы кабарлар
» Коом » Блогерлер да салык төлөй баштайбы?
Блогерлер да салык төлөй баштайбы?
29-январь, 13:00
1 249 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Блогерлер да мамлекетке салык төлөш керек. Бул тууралуу «Озоди» сайты жазып чыкты.
Алардын маалыматында, жакын арада Тажикстанда блогер аталып, интернет аркылуу акча тапкандар мамлекетке салык төлөй баштайт. Мындай маалыматты белгилүү интернет-ишкери Рафаел Гулов маегинде тастыктаган.
«Мени жакында салык комитетине чакырды. Алар Ютуб жана Инстаграмдан кантип акча табарымды сурап, бир топ кызыктуу суроолорду узатты. Сурактын аягында ар бир жаран тапкан кирешесинен салык төлөшү керек деп эскертти. Мен муну туура эле кабыл алам», - деп билдирет.
Тажикстанда электрондук кызмат көрсөтүү боюнча жаңы салыктын түрү жакында катталган. Демек, блогерлер мамлекетке салык төлөй баштайт.