Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Окумуштуулар көп уктагандар инсультка тезирээк кабыларын аныкташты

Окумуштуулар көп уктагандар инсультка тезирээк кабыларын аныкташты

19-октябрь, 18:47
489 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күндүз уйкуга баткандар же түнкүсүн тогуз саат жана андан көп уктагандар инсульт илдетине тезирээк кабылат. Мындай чечимге Кытайдагы илим жана технология университетинин окумуштуулары келгенин РИА Новости жазып чыкты.

Алты жылга созулган изилдөөгө инсульт оорусуна кабылган жана ден соолугунан жапа чеккен 31,7 миң адам катышкан.

Атайын анкетанын негизинде изилдөөгө катышкандардын 8%ы күндүз 90 мүнөт же андан көп убакыт уйкуга киргени аныкталган. Ал эми 24%ы түнкүсүн 9 саат же андан көп убакыт укташкан. 7-8 саат уктагандарга караганда 9 саат төшөктө жаткандар инсультка 23%га көп чалдыккан. Ошондой эле түштө бир нече саатка уйкуга киргендерде аталган илдет 85%га жогору болгону байкалган.

Буга чейин Россиядагы мдицина академиясынын сомнолог-адиси Михаил Полуэктовдун айтымында, чарчоо жана чала уктоонун ордун демалыш күндөрү көбүрөөк уктоо менен толтурган туура эмес. Анын айтымында, эгер адам демалыш күндөрү салыштырмалуу көбүрөөк уктаса, олуттуу ооруларга чалдыгышы мүмкүн. Анын ичинде кант диабети жана жүрөк кан тамыр ооруларына алып келиши мүмкүн.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер