Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кашкар Жунушалиев креслосун сактап калуу үчүн Равшан Жээнбековду камадыбы?

Кашкар Жунушалиев креслосун сактап калуу үчүн Равшан Жээнбековду камадыбы?

15-декабрь, 15:39
1 478 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев чукул арада кызматынан кете турганы өздүк курам ичинде кызуу талкууланып аткан. Анан күтүүсүздөн эле саясатчы Равшан Жээнбеков камакка алынды. Ал ИИМ тарабынан “Барымтага алуу”, “Массалык башаламандыкты уюштуруу”, “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айыпталууда. 

Элдин баары күбө болгондой, Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясында эки тарапты ынтымакка, сүйлөшүүгө чакырып, башаламандыкты токтотуу үчүн жан сабап жүрбөдү беле? Видеолор тастыктап турбайбы? Коомчулук ИИМдин жогоркудай айып тагууларына ынанган жок, соцтармактарда каршылык көрсөтүү акциясы башталууда. Адам укугу, эркиндиги алтындан кымбат! Оппозициялык, демократиялык маанайдагы саясатчыларды күңүрт иштер менен эле камай беришсе, аягы элдин нааразычылыгы жарала турганы жашыруун эмес. Мындай өкүм зордуктардын аягы төңкөрүшкө алпарганын эсибизден чыгарбайлы. 

Бүдөмүк ойлордон улам суроолор жаралууда. Министрликтен Кашкар Жунушалиевди кетиргени калышканда, ал жогору жакты ишендирип, жакшы көрүнүү, тобокелдикке барган адам катары Равшан Жээнбековду камадыбы? Мындай аракети үчүн ээлеген ордунда калууну көздөдүбү? Эгерде материалдар ынанымдуу болбой калып, эртең соттон иштин баары сынса, бийликтин рейтингине доо кетпейби? Негизи эле Кашкар Жунушалиевдин ишмердигине сергек маанайда баа бере турган инсандар жокпу?.. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер