Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргоолдор уялаган чарбакта

Кыргоолдор уялаган чарбакта

18-ноябрь, 17:48
591 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Машинелер чымын-куюн, күрү-күү, газга толуп, абасы булганган Бишкек шаарынын чок ортосунда “кыргоолдор уялап, жумуртка басып жатышат” дегенге оңой менен бирөөлөр ишене бербесе керек. Кыргоолдор болсо да “саясый элитанын”, миллионерлердин багында тор ичинде же капас ичинде болсо керек деп түкшүмөлдөөсү ырас. Анткени бейөкмөт уюмдардын (НПО) өкүлдөрү  “Бишкекте баланча бак таарылды, тиккендердин мынчасы өспөй калды, шаар жашылдандырылбай жатат” деп чуу салып жатканда “Бишкектин чок ортосунда кыргоолдор уя салыптыр” деген сөз жомоктой угулушу да мүмкүн. Бирок бул тамашасы жок эле, апыртмасы жок эле  анык кеп. Мындай окуя Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин ботаникалык багында болуп жатат. Анткени ботаникалык бактын директору Кубанычбек Искакович Эшимбеков убагында Ленинградда Вавилов атындагы өсүмдүктөрдү изилдөө институтунда аспирантурада окуп, ошол дүйнөгө атагы чыккан илимий борбордон чоң мектептен өтүп, окумуштуулук даражага да ошол жерден ээ болгон тажрыйбалуу адис. Андан кийин көптөгөн чарбаларды гүлдөтүп, какыраган чөлдөргө чөп чыгарып, Токбай айылында өкмөт башчы болуп турганда жаңы көчөттөрдү алып келип отургузуп, азыр алар асман тиреп айылдын көркүн ачып турат. Айылдыктар да улуу-кичүү дебей, “Кукем айыл өкмөтү болуп турганда отургузган бактар” деп сыймыктануу менен айтышат. Азыр К.Эшимбеков ботаникалык бакты да гүлдөтүп, ажарын ачып, куштарды да байырлатып, колго үйрөтүп багып жаткан кез. 

Мына май айынын баш жагында “багыбызга куш келди” деген кабарын угуп, кыргоол учуп келгенине ишенген менен шаардын ызы-чуусунан, абасынын айынан ал бир нерседен чочуп келген катары ойлоп, бир аздан соң кайра келген жагына кетип калчудай санап жүрө бергем. Жаңылыпмын, мезгил өтө бакчанын кызматкерлери жем чачканда да чочутуп албайлы дешип, өтө этияттык менен мамиле кылышып, кыргоолдорду келген жерине байырлатып алышты. Алар салган уясына (он беш) жумурткалап, басып, балапандарын чыгаргандарына сүйүнүп жүрүшкөндөрүнө күбө болгом. Шаар ичинде кыргоолдордун учуп келип уялашкандыгына, албетте, биринчи кезекте бул бакчанын экологиялык кешпирин таза сактоого умтулган жетекчиси жана анын илимий негизге ээ көрсөтмөлөрүн   так аткарууга умтулган кызматкерлеринин салымы бар деп тике айтууга туура келет.  

Ботаникалык бактын директору К.Эшимбеков эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин аяктагандан тарта (1973) факультетте окутуучу, мал чарбасы жана ветеринария боюнча кыргыз илим изилдөө институтунда, андан соң кыргыз жайыт жана тоют боюнча илим изилдөө технологиялык институтунда улуу илимий кызматкерден тарта генералдык директордун жардамчысына чейинки түрдүү илимий жана чарбачылык кызматтарды аркалаган уюштуруучулук демилгелүү сапаттарын айгинелеп турат.  Натыйжада, 1985-жылы К.Эшимбеков Кыргыз ССРинин Жогорку советинин президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.  

Улуттук университетке кайтып келип, студенттерге билим берип, тажрыйбасынан үйрөтүп, жаш адистерди белсемдүүлүк менен даярдоодо. Азыркы тапта ал жетектеген улуттук университеттин чарбагында жүзгө жакын түрдүү бак-дарактар, бадалдар жана келечекки адистерди даярдоо процессине таанып-билдирүү жагынан көмөк берүүчү түркүн башка өсүмдүктөр өстүрүлүүдө. Атургай жаз келгенде беш кирпи алып келинип багылууда, келечекте бул чарбакта эликтер ойноп, чаарчыктар бышкырып жүрөрү шексиз. Биология факультетинин студенттери үчүн окуу-талаачылык практикасы каралган. Республиканын аймактарына практикага баруудан тышкары ботаникалык бак студенттерге  көргөзмөлүү сабак өтүү максатына да кызмат кылат. Бул максатты ийкемдүү жана натыйжалуу аткаруу ниетинде директордун аракетинин аркасында бак ичине бастырма жасалып, аба ырайынын стихиясына көз каранды болбоо үчүн тегереги тосулуп, ага стол, стулдар коюлуп, доска илинип, окулуп жаткан дарсты өздөштүрүүсү үчүн студенттерге ыңгайлуу шарттар жасалды. Алган билимдеринин практикалык жарамдуулугун такстыктоого өбөлгө түзүү максатында бак ичинде тамчылатып жана жайып сугаруу боюнча да иштер жасалган. Бул болочок адистерди тандап алган кесибинин мамлекеттик заманбап пландар менен айрыкча экономикалык жана экологиялык шайкештигин бекемдөө ниетинен келип чыккан. 

Кимдир бирөөлөр кызмат орунда өзүнүн атын чыгаруу үчүн отурса, кимдир   бирөөлөр жөнөкөй кызматтын баркын калайманга көтөрүү үчүн ээлейт турбайбы.   Кубанычбек Эшимбековдун ушул кызмат орунда болуусу менен бакчанын коомчулук, билим берүү системасы үчүн милдет, максатын так түшүнүп, аткарып  жана алгалатуу боюнча алымдуу иштерине күбө болгондугубузга сыймыктанабыз. Ар дайым элге ак кызмат кылып келген Кубанычбек Эшимбеков күнү-түнү жаны тынбай университетке да баш-оту менен берилип иштеп, аны флагман кылууга өз салымын кошуп жатат. 


Мырзабек ЖУМАЕВ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору

    "Азия Ньюс" гезити       

                                                                                                                  


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер