Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нурбек Сыдыгалиев, ЖК депутаты: “Элдин аң-сезими өстү, күздөгү шайлоодо акча роль ойнобойт”

Нурбек Сыдыгалиев, ЖК депутаты: “Элдин аң-сезими өстү, күздөгү шайлоодо акча роль ойнобойт”

27-февраль, 11:01
670 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нурбек байке, президент Жээнбеков Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып, шайлоо босогосу тууралуу да айтты. Ал “9 пайыздык босогодон баш тартып, 7 пайызга кайтып келүү керек” дегендей ишара кылды. Босого чектин төмөндөшү эмнени өзгөртөт?  

-- Биринчиден, шайлоо босогосун төмөндөтүү ресурстары орточо болгон партиялардын парламентке келүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Мен да босого чекти 7 пайызга түшүрүүнү колдойм. Мурунку чакырылышка шайлоо 7 пайыздык чек менен өткөн да. Андан кийин 2016-жылы 9 пайыз боюнча мыйзам кабыл алышкан. Эгер кайра 7 пайыз менен шайлоо өткөрсөк, менимче, алты партия утуп келет. Бул элдин бир топ нааразылыгын басаңдатат. Өтпөй калган партиялардын ызы-чуусу да болбойт. Анткени, көрдүк, буга чейин коомчулук босого чек тууралуу маселени активдүү талкуулап, 7 пайызга, айрымдары керек болсо 5-3 пайызга түшүрүү керектигин талап кылган сунуштарын айтышты. 

-- Сиздин оюңузча бул шайлоодо кайсы партиялар фаворит болушат?

-- Кайсы партиялар утуп келери азыр ачык эмес. Анткени, дагы убакыт көп. Саясатта да көп өзгөрүүлөр болот. Бул турган сөз. Менимче, күздөгү шайлоодо акча деле роль ойнобойт. Элдин аң-сезими өстү, улам шайлоо болуп атып, кимди шайлаш керек, кимдерди шайлагандан пайда жоктугун түшүнүп калды. Ошондуктан, партиялардын таасири роль ойнойт. Кайсы партиялардын шайлоо программалары жакшы, анан ким элге жакын, ошолор шайланат да.  

-- Сиздин “Кыргызстан” партиясынын тизмесинен шайлоого аттанарыңыз айтылууда...

-- Азырынча тизмеде жокмун. Эч ким менен да шайлоо тууралуу сүйлөшө элекмин. Бирок, шайлоого барууга ойлор бар. 

--  6-чакырылыштын акыркы жылында мандат алып, депутат болуп келдиңиз. Кандай иштердин үстүндө иштеп атасыз?

-- Шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү боюнча демилгечилердин биримин. Азыркы күндө ушул маселенин айланасында иш алып баруудабыз.


Динар Турдугулова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер