Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ал мен издеген адам эмес экен, бирок жакшы жашоого түрткү болду

Ал мен издеген адам эмес экен, бирок жакшы жашоого түрткү болду

28-декабрь, 09:30
2 498 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен ушунчалык депрессияда жүрөм. Үй-бүлөм бар, жолдошумдун мүнөзү өтө начар. Ичкенде кол көтөрөт. Ал кечиккен сайын “дагы мас болуп келип урабы? Кандай жаңжал чыгарат?” деген кооптонуу менен отурам.

Бирок жашоодон алда нени күткөндөй боло берчүмүн. Бир күнү “Одноклассники” соцтармагынан кокусунан бир бала менен таанышып, жакшы сүйлөшүп кеттик. Менден үч жаштай күчүү, алыс жакта иштейт экен. Көроокат, азап-кайгым унутулуп, өзүм башкача сезимде жүрдүм. 

Ушундай кезде күйөөм болбогон жерден мас болуп келип дагы сабады. Мурдум канжалап, колдорум канга, көзүм жашка толуп, боздоп жаттым. Ошол күндөн кийин эки кызымды алып, кетип калдым. Акыры ажырашып тындык. Өзүнөн өзү мага күч пайда болду. 

Бир күнү мен соцтармактан таанышкан мырза Бишкекте жүргөнүн айтып чалды. Жолугуштук. Бирок ал мени жеңил ойлуу айымдай кабыл алды. Ага болгон сезимим, көргөн азаптарым маанисиздей. Жөн гана көпкө сүйлөшүп отуруп, анын адамдыгын баамдадым. Коштошуп кете бердим. Мен издеген адам эмес экен. Бирок ага ырахмат. Убагында мени ойготту. Башкача жашоо куруп кетүүмө түрткү болду. Азыр жалгыз болсом да бактылуумун. Жакшы киреше таап, иштеп жатам. Эч кимден коркуу-үркүү жок. Балдарым бактылуу. Алдыга койгон көп максаттарым бар. Мен буюрса, сөзсүз жакшы иштердин жаратуучусу болом...


Айпери 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер