Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Дегенбаев: “Экспорт үчүн иш-чаралар туруктуу жана өз убагында жасалууда”

Бакыт Дегенбаев: “Экспорт үчүн иш-чаралар туруктуу жана өз убагында жасалууда”

11-март, 12:00
486 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Атамекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы менен маек.

-- Учурда өзүбүздүн өндүрүшчүлөргө элибиздин мамилеси кандай?

-- “Өзүбүздүкүн сатып ал” (“Покупай кыргызское”) тобун жана кыймылын баштаганыма бир топ жыл болуп калды. Жаңы баштагандагы убакытты жана азыркы күндөрдү салыштырганда айырма асман менен жердей. Бүгүнкү күндө мактанып, сыймыктанып, “колубуздан көп нерсе келет турбайбы” деп калдык. Андан бери өндүрүшчүлөр кыргыздын балын дүйнө жүзүнө таанытышып, чоң ийгиликтерге жетишишти. Жарандарыбыздын аң-сезими бир топ эле өзгөрдү. Базарга, дүкөндөргө барганда биздин товарларды биринчи издешет, андан кийин башкасын карайт. Анткени баардыгы түшүнүп калды, өзүбүздүкүн колдобосок, өнүгүү болбой турганын. Ар бир жаран – инвестор. Биздин ар бир сатып алууларыбыз – экономикага болгон инвестицияларыбыз. Бир буюм сатып алсак, бир жумушчу орун сакталып калат. Күн сайын сатып алып турсак, анда экономиканын туруктуу өнүгүшүнө себепкер болобуз. 

-- Аткаруу бийлиги тарабынан кандай камкордуктар көрүлүүдө?

-- Биздин бийликтеги жетекчилер дагы бул жагын түшүнүштү. Азыр байкасаңыз, ар бир кабыл алынган программалардын негизинде өзүбүздүн өндүрүшчүлөрдүн өнүгүүсү турат. Бул өтө чоң коңгуроо. Демек, калкыбыздын жана өлкө жетекчилеринин аң-сезимдери терең өзгөргөнүн экономикабыздагы абалдан байкасак болот. Бул мени өтө кубантууда. Өз максатыма жеттим.

-- Өндүрүшчүлөр боюнча дагы кандай ойлоруңуз бар?

-- Идеялар өтө көп. Негизги максатыбыз – өндүрүшчүлөрүбүздүн өнүгүүсү, жалпы өлкө экспортун өнүктүрүү, мамлекет тарабынан көбүрөөк колдоо алуу, билим жана илим дараметибизди жогорулатуу.

-- Учурдагы экспортко чыгара албай жаткан айыл чарба азыктары тууралуу кандай ойдосуз?

-- Жалпысынан айтканда, экспорт үчүн иш-чаралар туруктуу жана өз убагында жасалып жатат. Пияздагы маселе башка жер-жемиште көрүнгөн жок. Эми пияз маселеси, менимче, убактылуу болду. Экспортко бөгөт салуу да убактылуу жана аргасыздыктан болгон иш-чара. Эл аралык базарда пиязга болгон суроо-талап калыбына келмейинче баалар бир аз туруксуз болуп, андан соң өз жолуна коюлду.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер