Акыркы кабарлар
» Экономика » Октябрда пенсиянын орточо өлчөмү көтөрүлөт
Октябрда пенсиянын орточо өлчөмү көтөрүлөт
20-сентябрь, 11:53


Финансы министрлиги 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйө турганы боюнча маалымат берди. Ага ылайык, пенсиянын орточо өлчөмү республика боюнча 6093 сомдон 8080ге чейин көтөрүлөт. Бул 33 пайызга же орточо эсеп менен 2000 сомго көбөйөрүн түшүндүрөт.
Пенсияны жогорулатууга октябрда республикалык бюджеттен 2 миллиард 395,8 миллион, социалдык фонддон 1 миллиард 341,3 миллион сом бөлүнөрү айтылды.










