Акыркы кабарлар
» Саясат » Бакиевге кызмат кылганы үчүн Ормонов Жогорку Кеңештин төрагасына шайланабы?
Бакиевге кызмат кылганы үчүн Ормонов Жогорку Кеңештин төрагасына шайланабы?
21-март, 05:51

“Ишеним” партиясынан депутат Улугбек Ормонов шефи Курманбек Бакиевди алып келүүгө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө “жең ичинен” аралашып, жашыруун түрдө аракет кылып атканын билдиришти. Бирок коомчулук кабыл албай, караманча каршы чыккан катмардын көптүгүнөн айбыгып, тизгин тарткандай кетенчиктеп калдыбы? Жакында 7-апрель төңкөрүшүнө 13 жыл толот. Аянттан 87 баланын атылганы, жүздөгөн майыптар жапа чеккени (андан бери кыйласы каза тапты), 60 чакты буюртма өлтүрүүлөр кандуу бийлик кезинде болгону, айтор, элдин жонунан кайыш тилген окуяларды санай берсек, Максим, Жаныш Бакиевдер шор кайнатканын эсептей келсек, үрөй учурган фактылар өтө көп. Мына ушундай каргашанын баарын Улугбек Ормонов билип туруп, Курманбек Бакиевге жан тарта береби? Же убагында “Акжол” фракциясына лидер шайланып, саясатка аралашканы үчүн карыздар беле? Кыскасы, кыргыз элине кыянаттык кылуу акылга сыйбас. Айрым булактардын билдиргенине караганда, эгер Бакиевди алып келүүгө ийгиликтүү салым кошсо, Улугбек Ормонов Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланары болжонуудабы? Аргасыздан жылмаясың да-а... "Азия Ньюс" гезити











