Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улугбек ОРМОНОВ, ЖК депутаты: “Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө суроолор көп”

Улугбек ОРМОНОВ, ЖК депутаты: “Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө суроолор көп”

29-ноябрь, 15:54
443 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Инвестицияларды коргоо боюнча Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мыйзамды кароо учурунда сиз чуулгандуу түрк ишкери тууралуу суроо бердиңиз. Ошондой компания кандайча тендерди утуп алды экен? 

-- Кыргызстанда жүздөгөн түрк ишкерлери иштейт. Албетте, Түрк мамлекетинин жардамы Кыргызстан үчүн аябай маанилүү. Бирок, ошого карабастан, келишимдерге кээ бир колу таза эмес ишкерлер аралашып калган учурлар арбын. Мисалы, “Чакыр Япы” компаниясы курган Тараз--Талас--Суусамыр жолу боюнча чоң маселелер бар. Тараз--Талас--Суусамыр жолуна ал подрядчик болсо, Ош-- Баткен--Исфана жолуна субподрядчик болуп кирген дагы, көптөгөн кыргыз фирмаларынын кызматын пайдаланып, акчасын төлөбөй качып жүрөт. Бул боюнча транспрт министрлигине кайрылуулар болгон. Кайсы бир компаниянын репутациясы жаман болсо, алардын кийинки тендерге катышканга акысы жок. Ошондой жобо бар. Ошого карабай булар Таластагы жолду да утуп алып жатышат. Маселе ошондо болууда. Ишкерлер айласы кеткенде бизге кат жазып атышпайбы, “ушундай фирма акчабызды бербей жүрөт” деп. Мен депутат катары транспорт министрлигине каттар менен кайрылгам. “Биз сүйлөштүк, акчасын төлөп берет” деген жооптор бар, бирок, бүгүнкү күнгө чейин натыйжа жок. Эми азыр такыр жок алар. Тараз--Талас--Суусамыр жолунда эмне болуп атканын толук билбейм, бирок, Баткен жолуна аябай көп из калтыргандыгы белгилүү. 

-- ЖМКларга жарыяланган маалыматтар боюнча ал компания буга чейин Өзбекстанда ызы-чуу болгон экен. Ушундан улам суроо туулат: бизде тендер өткөрүп жатканда талапкерлердин мурдагы өтмүшүнө кызыгып көрүшпөйбү?

-- Сөзсүз кызыгыш керек. Изилдиниши зарыл. Мындай талап бар. Бирок, эмне үчүн мындай болуп атканы түшүнүксүз. Өзбекстан эмес, өзүбүздөгү ишкерлерге акы төлөбөй жүргөнүн көрүп туруп деле берип коюп атпайбызбы. 

-- Анда көз жумду мамиле бар турбайбы?

-- Бар. Ошон үчүн тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө суроолор көп. 


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер