Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сарсана кылган саясат

Сарсана кылган саясат

21-октябрь, 14:22
3 019 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аягында баягы базар экономикасынын китептерде жазылган классикалык жолу бизде республикада жакшы жүрбөй, баардыгы талкаланып, а жаңылары түзүлбөй жалаң негативдерден Акаев аябай чарчап, кийинки кездерде баардыгына кайдыгер карап, тегерегиндигелер жана үй-бүлөсү гана бийлеп калган. Ал эми Бакиев менен чогуу иштеген мезгилде Үсөнов, Мадумаровдор президентке байма-бай кирип жүрүп, Куловду кулатышат эмеспи. Анын себеби белгилүү да. Биз билген бул маселени да автор айланып жымсалдап жазат.

Бизди кызыктырган алтын маселесинде Куловдун айтымында, маркум Т.Усубалиев жетектеген депутаттык комиссиянын материалдарында премьер-министр Т.Чынгышев Кыргызстандагы өндүрүлгөн алтынды реализация кылган чет элдик бир фирманын курамына киргендиги билинет. Ал эми алтындар Швейцарияга литердик самолет менен бажысыз эле өтөт. Бул билинип калгандан кийин депутаттар өтө катуу ызы-чуу көтөрүшөт. Акаев жаңы эле шайланып, анын аброю ал кезде анча эмес эле, ошол эле депутаттар Акаевди шайлашкан да. Т.Чынгышев китебинде бул жеке фирмалар менен болгон сүйлөшүүлөргө кимдер катышып, кимдер кол койгонун, анын баардыгы Акаевдин жеке жетекчилигинде жана көзөмөлүндө болгонун жазат. Ал эми Акаев легендарлуу парламенттин депутаттарынын каарынан коркуп, өз аброюн сактап калыш үчүн мүмкүн ал кездеги ага өтө жакын адамы Кулов менен Чынгышевди курмандыкка чалышты акылдашкан болушу толук мүмкүн. Бул маселеде Кулов да кандайдыр бир нерсени аягына чейин айтпай жаткандай ой калат.

Ошол депутаттык разборка азыр деле көбүбүздүн көз алдыбызда. Чынгышев Шеримкуловго «шашып жатасыз, Медеткан Шеримкулович» деп колду чөнтөккө салып, төрдө отурган Акаевге бир нерселерди түшүндүрүп жатканы күнөөлүү адамдай эмес Акаевге «бул кашаны сен жасабадың беле, туруп айтпайсыңбы?»  дегендей, ал эми ал башын байма-бай «макул» дегендей кыймылдатып жатканы телевизорду тиктеп отурган биздин да эсибизде. Мына ушул кырдаалда премьер-министр менен президенттин ортосунда жеке талаш-тартыш жалпы элге жайылып кетпесин (!) деп Кулов трибунага чыгып, «мен азыр премьер-министрди сындай албайм. Анткени биз экөөбүз тең бир рангадагы чиновникпиз, экөөбүз тең Акаевдин орун басарларыбыз. Ошондуктан мен азыр вице-президенттик полномочиямды тапшырам, эми парламент депутаты катары премьер-министрдин отставкага кетишин талап кылам. Анткени ал мындай шектүү коммерциялык уюмга мүчө болууга укугу жок эле» деп маселени кабыргасынан коюп, Акаевдин өзүн алып түшө турган кырдаалдан чыгарып кетет. Ким билет, ошон үчүнбү, Чүйгө губернатор болуп (Чынгышевдин ордуна келген Жумагуловдун ордуна), ошол эле кезде вице-президенттик да орунду ээлеп турду. Демек, Кулов жөндөн-жөн эле кызматтан кызматка көтөрүлгөн эмес да. Акаевдин эң жакын адамы болуп, алгачкы күндөн эле анын калыпнатышына чоң салым кошкон. Ушундай эле Акаев менен акылдашып, же мындайча айтканда, жең ичинен сүйлөшүп алышып, жаңы эле кабыл алынган (1993-ж) Конституцияга «өзгөртүү киргизүү керек, эки палаталуу парламент түзүп, ар бир облустан 7ден 49 депутат болот» деп Кулов Чүй облусттук кеңеште бүгүн сүйлөсө, Акаев эртеси эле синхронно соттордун съездинде ушул эле ойду айтып чыгышы да бул маселеде Куловдун «ишмердиги бар» деген шек туудурат. Анткени ошондо таркатылган легендарлуу парламенттин легендарлуу төрагасы Медеткан Шеримкуловдой дагы бир таасири күчтүү адам төрагалыкка келип калса, Акаев өзү каалаган чечимдерди, мыйзамдарды кабыл алдыра албай калмак. Ошондуктан эки баштуу парламент болуп алардын төрагалары өз ара тарткылашып турса, Акаев ортодо арбитир болуп алардын маселесин чечип берип турмак. Мамлекетти башкарууда тажрыйбасы жок Акаевге кош палаталуу парламент туура келген. Анткени биринчиден, эки төрага болуп кимисинин болбосун таасири, аброю Шеримкуловдой болмок эмес. Экинчиден, эки палатанын полномочиелери бөлүштүрүлгөн эмес эле, ал дагы бир жылдай жасалма ызы-чууну пайда кылды. Бул убакта алтын маселеси кандайдыр бир экинчи планга өтүп калган. Акаев референдум менен укуктарын кеңейтти, эки палаталуу парламент түздү, алтындын чуусу аздап кийин такыр угулбай калды, жанындагы шылуун жигиттер акча табуунун жолдорун үйрөтүп койду. 

Ошентип Куловдун биографиясында алгачкы амбициясы президенттик кресло болсо, кийин көп жолу позицияларын өзгөрттү. Аягында келип радикалдуу келишкис эмес, конструктивдүү мээлүүн оппозицияга өтүп, өлкөнүн өсүп-өнүгүшү үчүн колдон келген жардамын жасоону негизги максат кылып койду. Эми жогоруда биз белгилегендей, Акаевге Куловдун кереги жок болуп калды. Ошентип Куловдун саясый карьерасынын аягы эмне болгонун билебиз. Ал эми Т.Чынгышевди Акаев алгач алысыраак бир өлкөгө элчи кылып жиберейин деп, бирок андан да баш тартып коёт, аны кийин да мамлекеттик кызматка жакындаткан жок. Ал эми Кулов 2005-жылдагы төңкөрүшкө чейин түрмөдө отурду.

Урматтуу генерал китебине акыркы чекитти койгонуна да он жылдан ашык мезгил өттү. Эми кезектеги китебинде өлкөбүздөгү ири саясый өзгөрүүлөргө «Ар-намыс» партиясы менен парламентке келгени ж.б. маселелер менен катар алтын маселесине дагы бир жолу кайрылат го деп ойлойм. Анткени алтын чыры башталганда вице-президент эмес беле, ошондой эле академик А.Эркебаев да «Азаттыктын азаптуу жолу» деген китебинде Ф.Куловду кыргыздын лафайети белгилүү француз, Америкадагы жана Франциядагы эки революциясынын катышуучусу деп көтөрө чалып, көп саясый баталияларда чогуу болгон коллегасы катары бир топ ойлонтчу маселелерди ортого салыптыр. Мына ушуга окшогон ойлорго жана эл арасында Куловдун персонасы жөнүндө айтылган карама-каршы сөздөргө жооп берет го деп ойлойм. Анткени мунун баардыгы биздин соңку жаңы тарыхыбыз.


Азаптуу жол

Абдыганы Эркебаевдин «Азаттыктын азаптуу жолу» («Тернистый путь независимости». 2018) дээрлик 29 басма табактан турат. Китептин өзгөчөлүгү бир эле китепте эки тилде тең макалалар жайгаштырылган. Китептин көлөмү өтө чоң болгону менен андагы материалдар кызыктуу болгондуктан окуганга оңой. Эмгекте 70тен ашуун макала болсо, ошонун жарымынан көбүрөгү орусча, калганы кыргызча. Ал эми материалдардын жайгашуусу да логикага туура келет. «Чү» деген эле жерден кыргыз тарыхы жөнүндө үч материал бар. Анда автор кыргыз тарыхы менен да жакындан тааныш экенин, ал жөнүндө да өзүнүн көз карашы бар экенин көрсөтөт. Андан арылаганда Акаевдин заманы (1990-2005), Бакиев бийлиги (2005-2010), 2010-жылдан бери, анан аягында коңшулардын сабагы, соңку сөз ордуна деген көлөмдүү материал менен тамамдалат. Эскерте кетчү жагдай, китепке кирген материалдардын айрымдары ушул китеп үчүн атайын жазылса, айрымдары массалык маалымат каражаттарында мурда жарык көргөн.

Жогоруда биз сөз кылган үч автордун китептеринен академик А.Эркебаевдин «Азаттыктын азаптуу жолу» деген эмгеги кескин айырмаланат. Анткени ал мемуардык жанрдагы эмгек болбогону менен бул китепти көңүл коюп сергек окуган адамга Эркебаевдин саясаттагы басып өткөн жолу көзгө даана көрүнөт. Анткени болочоктогу окумуштуунун өмүр баянындагы урунттуу окуялар өлкөбүздөгү өзгөрүштөргө, эгемендүүлүк жылдарына жөндөн-жөн эле туура келбестен, ал ошол саясаттын чордонунда болуп, өзү катышып, айрым тагдыр чеччү маселелерде өзүнүн омоктуу ойлорун айтып, чечимдерди кабыл алууга катышкан. СССРдин таркап кетиши баардык замандаштардай эле Эркебаевдин тагдырында да бурулуш мезгил болду. Элестетип көрүңүз, эгер СССР тарабаганда деле А.Жумагулов премьер-министр болмок, Т.Чынгышев ири шаарлардын бирин жетектеп, ал кездеги партиянын борбордук комитетинде да иштеп калышы ажеп эмес эле. Ал эми Ф.Кулов милициянын министри, генерал болмок. Мына ушул тизмекте А.Эркебаевдин тагдыры-биографиясы кандай болушу мүмкүн эле? Менин баамымда, көп окуп, көптү билген, орусча-кыргызча жаза алган, эч кандай абройго карабай бетке чапма жигитти ошол кездеги кыргыздын кыйын чыкма көзгө басар инсандары С.Табышалиев, А.Карыпкуловдор өздөрүнө чакырып, партияга өткөрүп (ал кезде Коммунисттик партиянын мүчөсү болуу – бул карьеранын негизги компоненти эле) тарбиялап чыгарууга белсенип калышкан болчу. Мына ушул кезде будуң-чаң түшүп, демократиянын желаргысы жүрүп, алгач альтернативалуу түрдө институтка шайлоодо утуп, директор кийин тарыхый легендарлуу парламентке альтернативалуу шайлоодон утуп, депутат болуп калды. Ошол кездеги 350 депутаттын арасындагы активдүү депутаттардын катарында болду. Алгач директор, депутат, министр, вице-премьер-министр, губернатор кызматтары анын биографиясында ушунчалык баш айланткан тездик менен болду. Эгер Эркебаевден башка бирөө болгондо мындай баш айланткан тездиктен кулап түшмөк, же башкалардай чексиз байлык топтомок. Бирок Эркебаевдин ички дарамет, анын адамдык бийик интеллекти ага жол берген жок. Эркебаевдин губернаторлуктан (билишимче, депутаттыка баруу, андан кийин мүмкүн спикерлик жөнүндө Акаев менен макулдашылган болсо керек эле) депутаттык орунга Акаев өзү Ошко алып барып отургузганы жана ага каршы каралоо кампаниясынын башталышы, албетте, ага алгач «шок» болду. Ал гана эмес өзү Бишкектен ээрчитип барган адам да ага каршы этектей-этектей макалаларды жаза баштады. Бирок, ар кандай бут тосууларга карабастан Лейлектин эли Эркебаевди эл өкүлдөр жыйынына депутат кылып шайлашты. Бул кезде Эркебаев Акаевдин командасынан чыгып калганы, эми ал үмүттөнгөн спикерлик креслону Акаев А.Матубраимовго ыроологону эки палатанын депутаттары шайланып келгенге чейин эле билинген болчу.

Тарыхтан жана илимий адабияттардан ордо оюндарынын анатомиясын жакшы билген жана акыркы 5-6 жылда өзү башынан өткөргөн саясый окуялардан сабак алып, Жогорку Кеңешке тынч гана комитетти жетектеп, элге көп көрүнө бербей жүрдү. Эки жылга жакын убакыт өтүп-өтпөй кыргыз саясатынын патриархы Т.Усубалиевдин тикеден-тике колдоосу менен А.Матубраимовду ээрден алып түштү.

Бул жөнүндө Абдыганы Эркебаев өзү да биз сөз учугун улап жаткан китебинде Усубалиев жөнүндө «Феномен» деген чоң материалды багыштаган. Ал макала Усубалиевдин 90 жылдыгына карата жарык көргөн. Эркебаев өзү да ал макаласында 1997-жылдагы эл өкүлдөрү палатасынын төрагалыгына аны шайлаган депутаттардын башында Усубалиевдин тургандыгын жылуу белгилейт. Акыйкаттык үчүн белгилей кетейин, чейрек кылым Кыргызстанды жетектеп кыргыз тарыхына терең из калтырган Усубалиев жөнүндө анын көзү тирүүсүндө да, кийин да Эркебаевдикиндей ал кишинин саясый портретин ар тараптуу анализдеген материал көргөн жокмун (азыр коомдук ишмер жана окумуштуулар  Ж.Сааданбеков, О.Ибраимов Усубалиев жөнүндө китеп жазышты дейт. Аларды окуй элек болгондон кийин бир нерсе деш туура эмес). Эркебаевдин китебиндеги негизги материалдар улуу инсандардын саясый портретин тартуудагы классикалык жол-жоболорду чыпчыргасы калтырбай колдонгон. Бул жагынан алганда Эркебаев Т.Усубалиевдин 1997-жылдагы жана 2000-жылдагы аны төрага кылып шайлоолордогу ролун туура түшүнүп, ага көрсөткөн атуулдук кызматы жана адамдык милдеттен кутулганы катары да карасак болчудай.

А.Эркебаев  бул эмгегинде жалгыз эле Т.Усубалиевдин саясый портрети эмес А.Акаев, А.Масалиев, А.Жумагулов, Н.Исанов баш болгон кыргыздын соңку жаңы тарыхында терең из калтырган отуздай инсандардын портреттерин берет. Алардан башка Кыргызстандагы демократиялык процесстердин башында тургандар К.Акматов, Ж.Жекшеев, Т.Тургуналиев баш болгон ондогон адамдар кала берсе бул тизмекте журналист, окумуштуулар да сыртта калган эмес. Айрыкча Р.Отунбаева, А.Атамбаев, Ф.Кулов жана бир катар инсандар боюнча жазгандары саясый портрет жазуудагы илимий иштин формасында жазылган. Албетте А.Эркебаев жазуу жагынан кынтыксыз жазат деңизчи, ошентсе да анын Махатма Ганди, Дэн Сяопин, Ислам Каримов, Нурсултан Назарбаев жөнүндө жазгандары, деги эле көптөгөн саясый портреттери адатта «керектүү мезгилде, керектүү жерде» жазылып, бутага дал тийет. Мына ушул ыңгайдан караганда, Өмүрбек Текебаев жөнүндө президент Сооронбай Жээнбековко, төрага Дастан Жумабековко, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаевага ачык катын биздин эгемен жылдар ичиндеги саясый процесстерибиздин кыска тезиси катары бааласа болот. Адатта ар кандай кырдаалда салкын кандуу, бардык нерсени акылга салып калчаган Эркебаев бул жолу ачык катын эмоционалдуу түрдө «өз элинин татыктуу уулу Өмүрбек, мен сени мененмин!» деп бүтүрөт. Анткенин себеби, эгемен жылдар ичинде оңдогон, а мүмкүн жүздөгөн чиновниктер менен саясатчыларды жакындан да, алыстан да көргөн, алардын баш сөөгүн байкап жүргөн саясатчы-академик жөн жеринен Текебаевге ийип кетпеген чыгар... 

Мына ушундай эле маанайда Өмүрбек Бабанов жөнүндө да анын жеткиликтүү билим алганы (Москвадан) ишкердик жагдайы (Казакстан, Орусия) айыл чарбада, мунай, унаа, курулуш, банк, медиа ж.б. сфераларда ийгиликтери артында Кыргызстандагы эң бай, таанымал жана креативдүү адамга айлангандыгы, өкмөттү жетектегенде өзүн ишбилги, жаңычыл, чечкиндүү, мыкты уюштуруучу катары көрсөтүп, «Республика» деген партияны түптөп, саясаттан да өзүнчө из калтыра  алды деп сыпаттап, президенттик шайлоодо 34% же 600 миңден ашуун добуш алып, өлкөдө аброю бир топ экенин белгилейт. Академик Ө.Бабановдун айрым кемчиликтерин белгилөө менен бирге ага козголгон кылмыш иштеринде, кыргызча айтканда шоона эшпеген, түккө турбаган айыптар  экенин тастыктап Орусиядагы, Франциядагы окшош окуялар менен салыштырат (сөз Назарбаевге жолукканы, Ошто сүйлөгөн сөзү боюнча баратат).

Көпчүлүктүн эсинде калган теледеги кайым айтышта Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Бабановго «менде 35 кишинин тизмеси бар. Коррупция менен күрөштү мен сенден байштайм!» деген сөзүн ортого от жагуучулар маал-маал президенттин эсине салып турушат. Мына ушул окуяны А.Эркебаев камырдан кыл сууругандай так айтат: «Шайлоо маалында ар кандай сөздөр боло берет. Шайлоодон соң анын баары унуткарылып, атаандаштар эл, мамлекет биримдиги үчүн ынтымакка келип, жарашуусу зарыл. Бул айрыкча укуктук, демократиялык өлкөлөргө мүнөздүү. Ошондуктан Жээнбеков айкөлдүктү, кечиримдүүлүктү көрсөтүп, 600 миң добуш алып 2-орунду ээлеген Бабановду, андан кийинки А.Мадумаров, Т.Сариев, У.Кочкоров, Т.Масадыковду жанына тартып, мамлекеттик жооптуу кызматтарга көтөрсө, өзү үчүн да, жалпы эл, мамлекет үчүн пайда болмок» деп алгачкылардан болуп айтып жана жазып чыкты. Кийинчерээк бул маселе коомчулукта талкууланып, А.Эркебаевдин ою туура экенин көп авторлор өз материалдарында белгилешкен.

Автордун Абсамат Масалиевдин иштен кеткен кездеги кырдаалды сүрөттөшү жана ага өзүнүн пикирин билдириши да саясат таануу илиминде көп жазылган, көп   талкууланган маселе. Эркебаевдин айтымында, Масалиев өзү Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагалыгынан бошотуп коюшун суранып билдирүү жасап, анан сөзүнүн аягында «жаңы шайланган президент баш болуп бардык чоң-кичине рангадагы кызматкерлер элдин ишенимин актап, республикабыздын дагы алдыга жылышы үчүн жаңы импульс беришибиз керек, алдыда турган социалдык, экономикалык, интернационалдык жана интеграциялык маселелерди чогуу чечели, – деп келип, – төрага катары айрымдарыңардын көңүлүн ооруткан болсом кечирим сурайм» деп А.Масалиев сөзүн аяктайт. Ошондо төрагалык кылуучу «кимдир бирөө, сүйлөөчүлөр барбы?»  деп залга кайрылганда кечээ эле бул киши үчүн отко-сууга түшүүгө даяр болуп турган коллегаларынан, кечээ эле өзүнүн жардамы менен кызматка келгендерден бирөө-жарымы чыгып бир ооз жылуу сөз айтып койгонго жарабады. «Көрсө бийликтин моралы, анын ичинде партиялык-комунисттик бийликтин табияты ушундай турбайбы» деп тыянак чыгарат. Албетте, мындай кырдаал А.Эркебаевдин өзүндө да кийин бир топ кайталанат. Бул бийликтин табияты жөн гана коммунисттерге же демократтарга мүнөздүү көрүнүш эмес. Ушул жерде эске түшөт: экинчи дүйнөлүк согуш аяктап, үч чоң державанын жетекчилери (Рузвельт, Черчилль, Сталин) Ялтада согуштан кийинки Европанын картасын сызып жаткан мезгилге Черчиллдин шайлоосу туш келип калат. Идеясында Черчилль Лондонго барып шайлоодон утуп, кайра келип калыш керек эле, бирок Черчилль шайлоодо жеңилип, Ялтага жаңы премьер-министр келет. Ошондо жеңилген Черчилль терезеде кылкылдап өтүп жаткан адамдарды көзүнө жаш алып карап турганы элестелет. Кечээ эле ушулар Черчиллди Кудайындай көрөт эмес беле... бирок Черчилль Черчилль болбой калмак ал кийинки эле шайлоодо (1950) кайра жеңишке жетишет. 

Демек «бийлик» категориясы саясат таанууда негизги темалардын бири болуп эсептелет. Андагы күрөш миңдеген жылдардан бери болжолдуу түрдө бирдей эле жүрүп келе жатат. Анын методдору менен каражаттары гана анча-мынча өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Айталы, И.Раззаковду иштен кетириши, ошондой эле сценарий Т.Усубалиевди бошотушу, А.Масалиевдин  шайланбай калышы ж.б. Ал эми биздин президенттердин алмашышы өзүнчө, өзгөчө, башка сөз.

А.Эркебаевдин эмгегинде жогоруда биз кенен сөз кылган саясый портреттерден башка Ош окуясы тууралуу, рынок экномикасынын биздеги спецификасы жөнүндө, коңшулар менен мамиле, Аксы окуясы, парламентаризм ж.б. омоктуу темалар боюнча жазгандары бир топ кызыгууну туудурат. 

Бирок мени таңкалтырганы алтын маселеси. А.Жумагулов андан жандап өтсө, Чынгышев менен Кулов кандайдыр бир жерлерин жеткире айтпай жатышкандай. Ал эми Эркебаев болсо көбүнчө саясат менен жана социалдык маселелер менен алектенип, ал маселеге киришпесе көп бүдөмүк ойлор калат экен. Бирок алтын маселесин изилдеген ондогон комиссиялардын материалдары, биз окуй элек толгон токой материалдар жана (К.Исаков жана С.Жапаровдун) китептер бар. Менин оюмча дагы 10-20 жыл болобу, бул маселе аягына чыгат. Кыргыз эли «өз баатырларын» билиши керек. Ошондо Өмүрбек Текебаев айткандай, алардын балдары, неберелери, кийинки тукумдары «биздин аталарыбыз, чоң аталарыбыз кыргыз алтынына (жеп алган, басып алган чет элдиктер менен кошо уурдаган аны үчүн документтерге кол койгон, алар менен шериктеш, табакташ болгон ж.б.у.с.) суук колдорун салган үчүн биздин чекебизге кара так басылды» деп, керек болсо 50-100 жылдан кийин болсо да жооп бериши керек.

Албетте, китебиңде алтын маселесин козгобоптурсуң деп эч кимге кине коё албайсың, бирок ага тике тийешеси бар адамдардан кандайдыр бир чындыкты үмүт кылат экенсиң.

Акыркы чекитти коёрдо эки маселеге кыскача токтоло кетейин. Биринчиси, Эркебаевдикинен башка үч автордуку тең көп жыл мурда чыккан эмгектери. Алар мемуар жазууну жакшы өздөштүрүштү (айрыкча Т.Чынгышев) эми дагы ойлонуп, «биз кайсы жерден ката кетирдик? Эмне үчүн бүгүнкү күнгө кептелдик? Ошого менин да күнөөм барбы? Болсо кайсы?» деп акыйкаттык үчүн жаза кетишсе, кыргыз элинин астында чоң эрдик кылган болушар эле. Экинчиси, албетте алтын маселеси. Бул маселеде алдыңкы үч автордон так, ачык маалыматты коомчулук күтөт, ал эми ар кандай терс көрүнүштөргө безге сайгандай жооп берген, өз мамилесин, позициясын ага такай билдирген Эркебаевдин да  бул маселеде кандай көз карашта экени көпчүлүккө кызык.

Эми эмне дебейли, жакшыбы-жаманбы – мунун баары тарых, биз мындан сабак алышыбыз керек, жакшы жактарын алып, жаманын ыргытып, алдыга жылышыбыз  керек. 


Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясат илиминин доктору

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер