Эндрю Вахтель, АУЦАнын экс-президенти: “Алдыңкы билимди англис тилсиз алууга мүмкүн эмес”

Кыргызстандын өнүгүүсүнө тоскоолдук жараткан көп көйгөйлөр бар. Алардын бири, негизгиси билим берүү маселеси. Ошон үчүн бул тармакта тынымсыз реформа болуп жатат. Бирок жыйынтык жок. Себеби жөнөкөй. Анткени, бул багытта өзүбүздүн гана казанда кайнап, дүйнөлүк тенденциядан сырт калып, атүгүл маселенин маңызы эмнеде экендигин так, таасын аныктай албаганыбыз болууда.
АУЦАнын экс-президенти, учурда “Compass College” директору Эндрю Вахтель Kaktus.mediа компаниясынын кабарчысына билим берүү багытындагы реформалары тууралуу мазмундуу маек берди. Кызыккандар аталган интервью менен тааанышып койсо болот. Бул жерде көптөгөн жаңы ойлор, актуалдуу маселелер камтылган. Биз ал инсанга интервьюда камтылбаган, бирок, маанилүү деген бир нече суроо менен кайрылдык.
-- Маегиңизде англис тилинин дүйнөдөгү орду туурасында айтылбаптыр. Аныгында англис тилин билбей туруп заманбап билим алууга болобу?
-- Кыскача айтканда, англис тилин билбей туруп заман талабына жооп берген, толук кандуу билимге жетишүү мүмкүн эмес. Муну кесе айтсак болот. Буга далилдин кереги жок. Факт катары дүйнөдөгү илим, билим берүү тармагындагы жарык көргөн маалыматтардын эбегейсиз пайызы ушул тилде болуп жатканын билүүгө милдеттүүбүз. Так ошон үчүн биздин колледжде англис тилине өзгөчө басым жасалат. Азыркы оргуштаган заманда өз тилинде келген маалыматты да чыпкалап, анализден өткөрүп, туура жыйынтык чыгаруу оңой иш эмес. Бирок, токойго кирген сайын ал коюуланып чытырманга айлангандай, алдыңкы билимди англис тилсиз алууга мүмкүн эмес. Анткени, ал бул татаал, динамикалуу заманда багытты көрсөтүүчү компастын ролун ойноп калды.
-- Алдыга жылыш үчүн ЖОЖдордо ресурс, б.а. каражат жетишпей жатканын айтыпсыз. Бул маселенин бир гана жагы. Айтайын дегеним, ушуну менен катар аларга жаңыча көз караш, идея да жетишпей жаткандай?
-- Университеттерге көп нерсе жетишпейт. Айтканыңызга кошулам. Жаңы идея, изденүү жагы аксап, алар жөн гана тапталган жолдон чыга албай, буга чейин жасап келген көндүм, көнүмүш болгон иштерин улантып жаткандай элес калтырат. Аны өзгөртүү, учур талабына жооп берген нерселерди түзүш үчүн кадрлар жетишсиз. Ал үчүн, тилекке каршы, каржылык ресурстар жок. Бирок, ЖОЖдор жеткиликтүү маяналарды төлөп берсе, жаңы көз караштагы кадрларды тапса болот.
-- Теоретикалык түрдө каражат табылды, англис тилин үйрөнүү да жолго коюлду дейли. Бирок, ошондой болгондо да Батыштын билими абдан кымбат турат. Жылына 30-50 миң доллар деген биздин эл үчүн фантастикалык сумма. Өзүңүз билгендей, азыр дүйнөнү онлайн окуу каптады. Анын бир жетишкендиги – төлөм акысы бир топ төмөн. Бул маселе боюнча сиздин пикириңиз кандай?
-- Ырас, онлайн ыкмасы аркылуу окутуу чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатат. Бирок, элдин басымдуу бөлүгү бул форматта окуй алышпайт. Ал үчүн заманбап техникалык жабдуу, шаймандарды алып, анда иштөөнү үйрөнүү керек. Бул дагы эле барып каржы маселесине такалат жана убакытты алат. Баса белгилеп койчу нерсе, онлайн ыкмасы тажрыйба аркылуу алынуучу билимдер, кесиптер үчүн жетишсиз. Ошондуктан, ал тил үйрөнүү, IT технологиясын аркалаган менен салттуу жол менен алынуучу билимди алмаштыра албайт.
-- Кандай болгон күндө да дүйнөлүк билимдин босогосу эл аралык IELTS, TOEFL, Кембридж сертификаттарын алуудан башталат. Анткени, белгилүү болгондой аларды дүйнө жүзү боюнча баардык ЖОЖдор тааныйт, кабыл алат. Сиз таңгалбаңыз, бирок бул эл аралык сертификаттарды Кыргызстандын ЖОЖдору тааныбайт. Колдорунда оор эмгек менен алынган ушундай документ турса да, мектеп бүтүрүүчүлөрү университеттерге өтүү үчүн ЖРТ дегенди тапшырат. Бизде эки тараптуу бири-бирине каршы келген тенденция жаралды. Бир жагынан өкмөт, министрлик жаштарды эл аралык билим алууга үндөйт, экинчи тарабынан ошондой билими бар жаштарга эч кандай жеңилдик жок. Бул нерсеге кандай көз караштасыз?
-- Эмне деп айтышты да билбей турам. Бул нонсенс. Менимче, убакыттын өтүшү менен мындай маселелер чечилет. Башка жол жок! Дүйнөлүк тааныган стандарт менен жергиликтүү стандарттарды кантип салыштырууга болот? Бул өзүңөр чече турган кечиктирилгис иш!
"Азия Ньюс" гезити