Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Согуштун беш белгиси: куралдуу кол салууга сокку беришибиз зарыл болчу!

Согуштун беш белгиси: куралдуу кол салууга сокку беришибиз зарыл болчу!

30-апрель, 21:19
3 703 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Урматтуу кыргызстандыктар!

Азыр Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек арага байланыштуу чатак болуп жаткан жок. Бул таза согуш. Ага бир нече далил келтирип берейин.

1. Кайсы гана өлкө болбосун, баардык аскердик эрежелер боюнча аскердик бөлүккө кол салуу бул "согуш жарыялоо" болуп кабыл алынат. А мында Тажикстандын жоокерлери Кыргызстандын беш чек ара заставасын басып алды, анын бирин тыптыйпыл кылып өрттөп жиберишти. Жөн эле өрттөп жибербей, вертолёт менен кырып, аткылап кетишти.

2. Чек арачылар же жоокерлер чек ара тилкесиндеги талаштан улам тирешип кеткен учурда бири-бирине, башкача айтканда, аскердик адамдарга гана ок чыгарат. А мында тажик тарап жайкын тургундарды, катардагы жарандарды аткылап жатышат. Акыркы маалыматтарга ылайык, кыргыз тараптан 154 адам жараат алды, алардын 31и каза болду. Мунун 23ү аскер кызматкери.

3. Катардагы чыр-чатактарда, кокустук тирешүүдөн же келишпестиктен келип чыккан конфликттерде кадимки жоокерлер көтөрүп жүргөн автоматтар менен атыш болот. А мында миномёттер, вертолёттор, БТР, танкалар колдонулуп жатат.

4. Төмөндөгү сүрөттө көрүнүп тургандай, негизги чыр чыккан жер бир эле жерде, а чабуул он чакты тилкеге жасалган. Кыргыз-өзбек, же ошол эле кыргыз-тажик чек арасында болгон мурдагы талаш-тартыштар келишпестик чыккан эле участкада болчу. Ошол жерде бир-эки күн атышып, таш ыргытышып тарап кетчү. А мында атайылап жасалган чабуул болуп жатат.

5. Соңку келишпестикте чабуулдар талаш аймактарда эмес, Кыргызстандын ичинде жайгашкан айылдарга чабуул жасалып жатат. Кайра эле сүрөттү карасаңар, чыр-чатак Баткен районунун Ак-Сай айылында чыгып жатса, чабуулдар Лейлек районундагы, башкача айтканда, таптакыр башка жактан жасалып жатат. Ал борбордон алыс эле болбосо, бул баары бир Кыргызстандын бир бөлүгү. Бишкекке, же Ош шаарына чабуул жасалгандай эле сөз.

Мен муну менен эч кимди согушууга чакыргым келбейт. Бирок президент Садыр Жапаров жана башка жооптуу кызмат адамдары коңшулардын баскынчыл аракеттерине жетиштүү жооп бериш керек. Куралдуу кол салуу болсо, демек биз да ошондой сокку беришибиз зарыл.

Кыргызстандын бир жагында согуш болуп жатса, президенттер, өкмөт башчылар, депутаттар, ээ койчу, жөн эле жарандар эч нерсе болбогондой, камырабай жашап жатабыз. 

Бишкекке деле бирөө кол салып келсе, ушинтип эле унчукпай, "сүйлөшүүгө баралы, тынчтык жол менен чечели" деп олтура беребизби? Бизде эмне мамлекет деген нерсе жокпу? Жарандарыбызды бирөөлөр кырып атса деле, унчукпай олтура беребизби?

Менимче, президент борбордо отуруп алып, каза болуп калгандардын жакындарына көңүл айта бербей, башкы командачы катары аскердик форма кийип, Баткенге барышы шарт. Каза болуп калгандардын жакындарын, балдарын, ата-энелерин маңдайынан сылаш керек. 

Ошол эле убакта КТРК, ЭлТР жана социалдык түйүндөр аркылуу жалпы элге кайрылуу жасап, коңшу мамлекеттин аракетин айыптап, согуштук абалга даяр турууга чакырышы парз. Эгер зарыл болсо ошол эле түз эфирден аскердик кызматка жарактуу адамдарды жалпы мобилизациялоого тартыш керек.

Антпесеңер, Кыргызстан деген мамлекет бир эле Тажикстандын астында эмес, коңшулар Өзбекстандын, Казакстандын жана башка мамлекеттердин алдында түбөлүк маскара бойдон калат. 

Мени кечирип койгула, биздин азыркы позициябыз кызды кайсы бир зөөкүр зордуктап жатса, ага каршылык көрсөтпөй, "сүйлөшүүгө баралы, тынчтык жол менен чечели" дегендей эле сөз. Болбосо аны каалашынча итерип салды. Ошол.


Айдар Бакас

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер