Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жасалма өкмөт башчы Улукбек Марипов сазга батырганы калдыбы?

Жасалма өкмөт башчы Улукбек Марипов сазга батырганы калдыбы?

08-апрель, 13:45
789 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөдө жакырчылык үстөмдүгү барган сайын күч алууда. Жумушсуздук. Карапайым калктын көпчүлүк катмары күнүмдүк тамак-ашын тапканга кайыл болуу иретинде жашап жатышат. Экономиканы көтөрүү идеясы, демилгеси жок өкмөт башчы Улукбек Марипов отурат. Болор-болбос жеңил пиарлар менен күн кечирип. Ал коомчулукка презденттин жардамчысындай гана элес жаратууда... Дал ушундай оор шартта коронавирус күчөп баратат. Май-июн айларында апааттын пикке чыгары болжонууда. Мындай шартта түшүнүксүз жагдай жаралды. Улукбек Марипов вакцина алып, элге үмүт берип, үлгү жараткандын ордуна тескери сүйлөдү: “Менин иммунитетим күчтүү, эмдөө албайм” деп. Ансыз да Кытайдын вакцинасынан шек санап аткан көпчүлүк кооптонуп, учурда кызык абал түзүлдү. Кыскасы, премьер-министр катары күнкарама, ишин жарыта албаган, пайдасыз аткаминер катары тааныла баштады. Мамлекеттик деңгээлде ойлоно албаган, жалтак, буйрукту гана аткарган бир сөлөкөткө айланууда. Мындай өкмөт башчы кимге кереги бар? Таңгаласың. Күйөөгө тийчү кыздардан бетер жасанып-түзөнүп отура бербей, өз эрки менен кетип калбайбы? Сазга батып баратабыз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер