Эркектерге бат жакындашам, кайра тажайм. Уруш чыгарам. Бул оору эмеспи?
Aryba.kg сайтынын окурмандарына ички дүйнөмдө болуп аткан уйгу-туйгу менен бөлүшүүнү туура таптым. Мен өңдүү-түстүү келинмин. Эки кызым бар, алар ата-энемдин колунда. Күйөөм менен ажырашып кеткем. 32 жаштамын.
Учурда ресторанда администратор болуп иштейм. Жумушума байланыштуу көп эркектер менен сүйлөшүүгө туура келет. Айрымдары чайга чакырышат. Баш тартпайм. Жашым өтө электе турмушка чыгып алууну ойлойм. Бирок, мен сүйлөшкөн эркектер төшөк кумарынан башканы ойлошпойт. Көңүлүмө жакканы менен андай ишке да барам. “Балким сүйүп калса, турмушка чыгып каламбы?” деген ойдо. Тилекке каршы, алар ойлогонумдай эмес. Кумарын кандырган соң кете беришет. Же убактылуу көңүлдөш катары алып жүргүлөрү келишет. Мен макул болбойм. Уруша кетебиз.
Ошентип, айына жок дегенде эки-үч эркек менен “жатууга” туура келет. Ойлогонумду ишке ашыра албай жүрөм. Дубалатып алууга жүрөгүм даабайт. Кыскасы, мага сөссүз күйөөгө тийиш керек. Ар кимге тебеленип, тажап да кеттим. Кээде өзүмдүн абалыма түшүнбөй кетем. Бул оору эмеспи?..
Эркегүл
Aryba.kg