Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат АРАПБАЕВ, ЖК депутаты: «Мен мыйзам бузсам, текшерүү, тергөө органдары аркылуу далилдешсин»

Азамат АРАПБАЕВ, ЖК депутаты: «Мен мыйзам бузсам, текшерүү, тергөө органдары аркылуу далилдешсин»

04-ноябрь, 22:37
446 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КСДП фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев беш фирмага ээлик кылып, салык декларациясынан жашырып койгон” деген маалыматты айрым сайттар жазып чыгышты. Маалыматта депутат мырза өзүнүн компанияларынын, мындайча айтканда, бизнестеринин ичинен газ берүү жана газ бөлүштүрүү, кыш завод, Оштогу такси кызматы, көмүр казуу ишканасын декларацияда көргөзбөй койгону белгиленет. Айта кетсек, депутат Азамат Арапбаев өзү ЖКнын экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине мүчө. Аны депутаттык ишмердүүлүгү жөнүндө негизги мыйзамды бузууда айыпташууда. Бул тууралуу депутаттын өзүнөн тактоону чечтик.

-- Азамат мырза, сиз ээлик кылган беш компанияңызды салык декларациясынан жашырып келатканыңыз айтылууда. Өзүңүздөн тактасак дегенбиз...

-- Ал маселеге ким кызыгыптыр, ким изилдеп чыгыптыр? Ошолор тереңирээк дагы изилдешсин, такташсын. 

-- Economist.kg жана «Декларатор» долбоору сиздин тапшырган декларацияңызды ачык булактар менен салыштырып чыгыптыр. Сизди “депутаттын ишмердүүлүгү жөнүндө негизги мыйзамды бузган” деп жатышат...

-- Мен эч качан ишкерчилигимдин баарын декларациядан жашырбайм. Сөзсүз түрдө көргөзүп, салык да төлөп келатам. Мыйзам бузганымды текшерүү, тергөө органдары аркылуу далилдешсин.

-- Компанияларыңызды атай аласызбы? Кайсы тармактар боюнча ишкерчилик жүргүзөсүз?

-- Мындай да... Жанагы маалыматтар жалган. Мен таптакыр кошулбайм жалган маалыматтарга. Биринчи угуп атам... (Качып кетти.)


Динар ТУРДУГУЛОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер