Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азиза Абдрасулова, укук коргоочу: “Милиция бул жолу кесипкөйлүгүн көрсөттү”

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу: “Милиция бул жолу кесипкөйлүгүн көрсөттү”

12-март, 20:12
583 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Азиза айым, шейшемби күнкү митинг тууралуу кандай пикирдесиз?

-- Биздин “Кылым шамы” укук коргоо борборунун байкоочулары аялдарга жана кыздарга карата өкүмзордукка каршы тынч жүрүшкө мониторинг жүргүзүштү. Эң оболу белгилеп койчу нерсе, бул жыйын 8-марттагы тынч жүрүштүн  катышуучуларын  кармап кетүүгө карата жарандардын реакциясы болду. Шашке ченде Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында эки топ келгени байкалды. Алардын бири зордук-зомбулукка   каршы тынч митингдин   катышуучулары болсо, экинчиси контржыйындын  катышуучулары эле. Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун   катышуучулары  эстеликтин алдына чогула башташканда контржыйындын катышуучулары   сүйлөп жатышты. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да аябай көп болду. Белгилей кетчү дагы бир нерсе, контржыйын деле жыйын. Болгону алар башкача позицияны карманышат. Андыктан, эгер тынч мүнөздө өтүп, башкаларга жолтоо болбосо, мамлекет аларга да шарт түзүп берүүгө тийиш.  А эгер контржыйындын катышуучулары башка жыйынга жолтоо болуп, башкалардын укугун бузса, алар корголуу укугунан ажырайт. Саат 12 чендерде контржыйындын  катышуучулары тынч жыйындын катышуучуларына карата провокациялык сөздөрдү айтышып, аларга жолтоо болууга аракет жасашты. 

-- Укук коргоо органдары бул жолу кандай аракет кылышты?

-- Милиция   чогулгандардын ортосуна туруп, контржыйындын катышуучуларын сүрүп чыгарышты. Андан соң эки жыйындын арасына тизилип, алардын ортосундагы аралыкты камсыз кылышты. Милициянын бул жолку аракети тынч жыйындарды өткөрүүнү камсыздоо боюнча  мыйзамдын стандарттарына жана талаптарына жооп берет, алар өз милдетин аткарууда кесипкөйлүгүн көрсөтүштү деп айтсак болот. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер