Акыркы кабарлар
» Коом » Өзгөчө абал дагы узарса, кризиске белчебизден батабыз
Өзгөчө абал дагы узарса, кризиске белчебизден батабыз
07-апрель, 11:03
858 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Өзгөчө абалдын алынары же узартылары өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Министр өзгөчө абалдын аякташына дагы 8 күн бар экенин, аны алуу же узартуу эпимдемиологиялык кырдаалга жараша болорун билдирди.
“Ал эпидемиологиялык абалга жараша болот. Анын негизинде республикалык штабга сунуш киргизебиз”, - деди Абдикаримов.
Экономисттердин, саясатчылардын баамында, эгерде 15-апрелден ары өзгөчө абал дагы узарса, кыйын кырдаал, кризис жаралып, ачкачылыктан элдин чыдамы түгөнөрү болжонууда. Өкмөт кетеби ошондо?..