Акыркы кабарлар
» Коом » Жакшылык Матанов: “Сөгүнчөөк, тебинчээк мэриңер кут болсун, бишкектиктер!”
Жакшылык Матанов: “Сөгүнчөөк, тебинчээк мэриңер кут болсун, бишкектиктер!”
09-февраль, 12:05
1 769 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жаш активист Жакшылык Матанов жаңы мэрге нааразылыгын билдирди:
“Сөгүнчөөк, тебинчээк, чабынчаак мэриңер кут болсун, бишкектиктер! Жаныбызды тобокелчилике салып, өлкөнүн келечеги үчүн деп ошол түнү атылган окторго каршы туруп чыктык эле. Ошол күндүн түздөн-түз күнөөкөрлөрү “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” жана “Кыргызстан” партиялары болчу. Бирок, булар кайра эле жылуу кызматтарга отуруп, кайра эле өлкөнү өз билгендериндей калчай башташты.
Убагы келгенде сиз түздөн-түз жооп бересиз! Элдин үмүтү менен ойнобоңуз! “Бүт жоопкерчиликти өзүм алам” дегенсиз. Эсиңер барда этегиңерди жапкыла! Биз Талант Мамытов же сизди курал катары колдонуп жаткан кландар кайра жыргасын деп мунун баарын кылган эмеспиз! Көп ойнобогула!”