Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зеленский биринчи сүйлөшүүдөн күткөн жыйынтыкты ала элегин айтты

Зеленский биринчи сүйлөшүүдөн күткөн жыйынтыкты ала элегин айтты

01-март, 11:58
602 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Владимир Зеленский Киев Москва менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасында күткөн жыйынтыкка жете элегин, украин бийлиги экинчи айлампага өтүүнү делегация кайтып келип, биринчи сүйлөшүү жараянын талдап чыккандан кийин чечерин билдирди. Украин лидеринин видеокайрылуусу президенттин аппаратынын Telegram-каналына жарыяланды.

Зеленский Беларуста Россия менен болгон сүйлөшүүлөргө токтолуп: «Азырынча биз каалаган жыйынтыкка ээ боло элекпиз. Россия өз позициясын билдирди. Согушту токтотуу үчүн биз тараптан каршы пикирлер айтылды. Биз өзүбүзгө тийешелүү кээ бир сигналдарды алдык» деди.

Зеленский дагы бир ирет Батыш өлкөлөрүн жана жалпы эл аралык коомчулукту Россияга каршы катаал санкцияларды киргизүүгө чакырды. Ал ошондой эле 28-февралда Украина Евробиримдикке кирүү үчүн арыз бергенин айтты.

«Биз муну 30 жылдан бери күтүп келгенбиз, мен ЕБге кирүү арызына кол койдум. Арыз Брюсселге жеткирилген, биз кол коюуну күтүп жатабыз. Убакыт келди!» деди Украинанын президенти.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер