Нарынбек Молдобаев, экс-депутат: “Учурда бизге чоң инвестициялар келе баштады”

-- Нарынбек мырза, инвестициялык климатты жакшыртыш үчүн биздин өкмөт кандай аракеттерди кылышы керек?
-- Инвестициялык климатты жакшыртыш үчүн адегенде инвесторлорго кепилдик берген, рейдерликке жол бербеген мыйзамдарды кабыл алып, аларга шарт түзүшүбүз керек. Андай шарттар түзүлбөсө, инвесторлор келе бербейт. Айтайын дегеним, Кыргызстан демократиянын аралчасы болуп, мыйзамдардын баары жакшы иштеп аткан учурда бизге чоң инвестициялар келе баштаган. Учурунда Кумтөр дагы чоң инвестиция болгон. Ошондой эле Кореянын машине чыгарган заводу да бизге келген. Ал убакта Орто Азия боюнча Кыргызстанда эле валюталарды сыртка чыгарса боло турган мүмкүнчүлүгү бар болчу. Тилекке каршы, ал учурда Кыргызстан коррупция боюнча эң алдыңкы мамлекеттердин катарына кирип калган үчүн инвесторлор кетип калган. Кийин заводу Өзбекстанда курулган. Азыр эми Daewoo Nexia жана Chevrolet деген машинелерди чыгарып жатат.
-- Инвесторлор көп келиш үчүн калктын саны көп болушу да маанилүүбү?
-- Маанилүү. Анткени, инвесторлор келиш үчүн рынок керек. Завод куруп, андан өндүрүлгөн нерсени сатууга элдин саны көп болушу шарт. Мисалы, Кыргызстандын элинин саны Кытайдын орто шаары менен эле тең. Ошон үчүн бизге эмес, калкынын саны көп болгон жерлерге инвестиция кылууга ашыгышат. Чынында бизде башка мамлекеттерге караганда электр энергиясы арзан, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөбүз. Товарды каалаган мамлекетке алып чыгып кетсек болот. Болгону инвесторлор келиш үчүн кепилдик берген мыйзамдарды жазып, шарт түзүп беришибиз абзел.
-- Улутташтырылган, мүлкүн тартып алган мисалдар инвесторлорду чочутпайбы?
-- Биз “Кумтөрдү улутташтырып, мамлекеттин эсебине алып, анын пайдасын эл көрүп жатат” деп атабыз. Бирок, ал нерсе менен көп инвесторлорду чочутуп да алдык. “Биздин мүлкүбүздү да тартып алса эмне болот?” деп кооптонуп калышты. Инвесторлор сырттан келеби же ичибизден чыгабы – аларга жакшы шарт түзүп, рейдерликке жол бербешибиз керек. Ошондо гана инвесторлор көп келип, Кыргызстан тез эле бутуна туруп кетет.
-- Инвестицияны кайсы тармактарга тартсак болот?
-- Инвестиция тартчу көп эле тармак бар. Мисалы, бизде уран, граниттер бар. Уран алтындан дагы кымбат. Андан тышкары, сейрек кездешүүчү металлдар, темир бар. Кыскасы, сырьё көп. Мыйзамдар гана жазылса, инвесторлор көп эле келмек. Мисалы, Нарын дарыясына 114 ГЭС курса болот. Буга чейин Нарын дарыясындагы ГЭСтерден 14 млрд. кВт алып жатсак, 114 ГЭСти куруп, 140 млрд. кВт электр энергиясын алсак болот. Кыскасы, Кыргызстанда инвестиция салчу тармактар көп.
Айтмакчы, мурда “күндөн, шамалдан дагы электр энергиясын өндүрөбүз” дегендер келген. Түштүк Кореянын эң чоң фирмасы “Самсунг” келип, шамалдын күчү менен иштеген электростанциясын Балыкчыга куралы дешкен. Андан кийин Чүйдүн бооруна эле күндүн нуру менен өндүрүлгөн электростанция курууну пландашкан. “Жердин салыгы көп болуп кетет экен” деп ал да ишке ашпай калган. Кеминге да картошканы кайра иштетип чыккан завод курулмак. Ал жерден дагы коррупциялык элементтерибиз байкалып калып, кызматташпай кетип калышкан. Кендирди кескен коррупция өлкөнү өнүктүрбөй эле, келген инвесторлорго дагы залакасын тийгизген.
-- Коррупция кендирин кескен өлкөлөр Европада дагы барбы?
-- Бар. Мисалы, Албаниянын эли биздикинен төрт эсе аз. Европанын ортосунда жайгашканы менен коррупция чоң болгондуктан инвестиция кирбейт. Анткени, “уурдап жеп коёт” деген кооптонуу күч.
"Азия Ньюс" гезити