Урмат Акматов: “Айыл чарбасы кол менен эмес, мээ менен башкарылышы зарыл”
-- Урмат, эмнеге айыл чарба тармагы дотацияга түшүп калууда?
-- Айыл чарба бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзү боюнча дотацияда. Бирок, дүйнө жүзүндөгү баардык башка мамлекеттер бул тармакты колдошот. Колдоо – бул арзан пайыздагы каражаттар, жаңы технологиялар, статистикалык так маалыматтар жана эң башкысы, компетенттүү менеджмент. Ушундай мамиле жасалганда гана айыл чарбасындагы тобокелчиликтер барган сайын азайып, кирешелүүлүк өсүп, дыйкан-фермерлердин көңүлү тоюп, жарандар сапаттуу, жеткиликтүү баадагы продукция менен камсыз болот. “Акылдуу башкаруу” деген эмне? Бул – туура маалымат жана сапаттуу аналитика. Баарыбыз күбө болдук, пандемия айыл чарбасы негизги тармак экенин көрсөттү. Азык-түлүк коопсуздугунун көйгөйлөрү биринчи планга чыкты. Бул ушул тармакты башкарууга болгон мамилени өзгөртүүнүн зарылчылыгын ачыктап койду. Анткен менен бизде ушул күнгө чейин так аналитика бере алган борбор дагы деле жок. Айыл чарбасындагы менеджменттин жокутугунан бир жылдары элдин баардыгы картошка айдап алып банкрот болушту. Акыркы жылдары Казакстан өздөрүн картошка менен камсыздап калган. Бирок, бизде ал туурасында маалымат жок, тийешелүү мекеме болсо мурунку жылдагы эсептөөлөр менен “ушунча тонна картошка бул жакка кетет” деп коюп, ортодо фермерлер күйүп кетти. Мындай көрүнүштү болтурбоо үчүн айыл чарба министрлиги дүйнөдө эмне болуп жатканын, кошуна мамлекеттерде абал кандай экенин дыйкандарга жалпак тилде түшүндүрүп бериши керек. Бул аналитика, чечим – баары бир фермердин колунда болот.
-- Демек, фермерлерге болгону маалымат жана аналитика эле керекпи?
-- Көбүнчө статистикага көңүл бурушат. Бирок, биздеги статистика туура эмес маалымат экенин баардыгы билет. Азыр санариптешүү заманы, дүйнөдөгү башка өлкөлөрдө акрга (гектардан кичинекей аянт) чейин билип, эсептеп коюшат, бизде санариптешүү дооруна карабай кайсы продукциядан канча өндүрүш керектигин так айта алышпайт. Ал эми туура анлитика жасаш үчүн анык маалыматты топтош керек. Көз болжоо менен айткан негизсиз. Кыргызстандагы 1 миллион 200 гектар жерди санариптештирүү аркылуу эсептөөгө мүмкүн, 2-3 жылда муну тактап койсо болот. Алгач ал жердин канчасы сугат, канчасы кайрак жер экенин эсептеп, анын канча кишиге бөлүнгөнүн билүү жетиштүү. Кийинки этап – бул жерлердин топурагынын анализин алуу керек. Анализ жерге эмне сепсе болорун аныктайт. Ошол эле система менен сугатты да чечебиз. Мындан жерлерди сугаруу канчалык жеңил, же суу алып келиш оор деген жыйынтык чыгарууга болот.
-- Быйыл кургакчылыктын кедери тийип, түшүм алуунун аздыгы айтылган. Мунун айынан “кымбатчылык каптайт” дегенди түшүнөбүзбү?
-- Айыл чарба продукциясынын баасынын кымбат болушу башка факторлорго да байланыштуу: пандемия, чек аралардын жабыктыгы, анан албетте кургакчылык да кошумча. Бирок, биз бул тармактагы тобокелчиликтерди азайтышыбыз керек. Айыл чарбасы жаратылышка байланыштуу болгондуктан, ар кандай форс-мажордук учурлар катталып калат. Мындай учурда дыйкан-фермерлерди мамлекет колдоп, колунан тартып кетиши керек. Кудайга шүгүр, бизде анчалык чоң жаратылыш апааты боло элек, ал эми кургакчылык куру шылтоо. Кургакчылык – биздин эч нерсе жасабай койгон ишибиздин жыйынтыгы. Анын алдын алса болот беле? Албетте. Кургакчылыкты азайтуу колубуздан келет да. Ирригациялык системаларды, сууларды туура пайдалансак, элди ирригациялык системаны колдонууга түртсөк, сугат маселесиндеги көптөгөн көйгөйлөр чечилип калмак. Суунун төрүндө отуруп алып, “суу жок” деген өзүбүз үчүн уят. “Мунун баардыгын жок кылыш керек” дегенден алысмын, бирок азайтууга болот.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити