Жыл башынан бери Кыргызстанга кирген инвестиция өтө төмөндөдү


Келген-кеткен сумманын айырмасы да чоңойду – жергиликтүү бизнеске сырттан 164,4 млн. доллар салынса, кайра 603,9 млн. доллар чыгарылды. Расмий органдар муну коронавирус пандемиясы менен байланыштырууда. Адистердин мындан башка да жүйөсү бар.
2020-жылдын тогузунчу айы ортолоп калганы менен инвестицияларга байланыштуу алгачкы алты айдын гана көрсөткүчтөрү чыкты. Андагы эсептер чеке жылытарлык эмес.
Улуттук статистика комитетинин басма сөз катчысы Асел Акматалиева бул жөнүндө мындайча маалымат берди:
«2020-жылдын январь-июнунда чет өлкөдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 164,4 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 эсе азайды. Инвестициялардын түзүмүнүн бардык бөлүктөрү төмөндөгөнү белгиленди. Муну менен бирге кайра инвестицияланган пайданын төмөндөшү өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу төлөнгөн дивиденддердин 15 эседен ашык көбөйүшү менен шартталды».











