Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » БШК Аспеков жана Жунусбеков боюнча арызга байланыштуу ИИМге кайрылды

БШК Аспеков жана Жунусбеков боюнча арызга байланыштуу ИИМге кайрылды

28-декабрь, 12:58
1 229 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощиндин арызы боюнча укук тартибин коргоо органдарына кайрылды. Бул тууралуу 28-декабрда “Азаттык” радиосуна БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

“Өзүбүз тактаганга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, биз укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Ички иштер министрлигине (ИИМ) кат жөнөткөнбүз”.

Премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырып берип, азыр президенттикке ат салышып жаткан Жапаровдун өкүлү Боршайкомго 23-декабрда кайрылып, Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбеков аттуу адамдардын Жапаровго расмий жана юридикалык тийешеси жоктугун, алар шайлоо штабынын кызматкери эместигин билдирген. Ошону менен катар Мощин алар Жапаровдун үгүт өнөктүгүн жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатышканын белгилеген. Жапаровдун өкүлү өз арызында буга байланыштуу милицияга да кайрылганын, аларды жоопко тартууну өтүнгөнүн жазган.

"Азаттык" бул боюнча Аспеков менен байланышканда ал Жапаровдун шайлоо алдындагы үгүт иштеринин Чүй облусу боюнча координатору экенин, жогорудагы арыз тууралуу маалыматы жоктугун айтты.

Жунусбеков бул арыз анын маселеси БШКда каралып жаткан учурда жазылган болушу ыктымалдыгын билдирип, маселе чечилгенин айтты. Ал "Мегаком" ишканасынын жетекчисинин кеңешчиси катары президенттик шайлоо учурунда үгүт иштерине катыша алабы же жокпу (?) деген маселе БШКда өткөн аптада каралып, анын пайдасына чечилгенин белгиледи. 


“Азаттык”


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер