Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мээрбек Мискенбаев: “Мен Атамбаевди сатпаган үчүн түрмөдө отурам”

Мээрбек Мискенбаев: “Мен Атамбаевди сатпаган үчүн түрмөдө отурам”

22-июнь, 17:30
1 145 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кой-Таш окуясы боюнча соттолуп жаткан Мээрбек Мискенбаевдин билдирүүсү.

-- Мага коюлган күнөөлөрдү толугу менен мойнума албайм. Себеби, 7-8-августта болгон окуяда спезназдарды барымтага алууга жана өлтүрүүгө, башаламандык уюштурууга эч тийешем жок. Анткени, 7-августта ошол спецназдар мени сабап, кабыргаларымды сындырып, чала өлүк кылып тепкилешкен. Ал окуяда менин жарадар болгонумдун баардыгы интернет булактарында турат. Мен жабырлануучу болушум керек эле, а силер мени айыпталуучу кылып салдыңар. Мындай окуя бир эле Кыргызстанда болсо керек. Мага Кыргызстанда болгон баардык беренелерди коюпсуңар. Адам өлтүргөндөн баштап, барымтага алуу, башаламандык жана башка беренелерди койдуңар. Мага коюлбаган Кыргызстанда эки эле берене калытыр: анын бири зордуктоо жана экинчиси алдамчылык. Мен силерге айтарым, Кой-Ташта болгон окуяда Мискенбаев спецназдарды зордуктады же автоматын алдап алып, бербей койду деген беренелерди илгиле, ошону менен баардыгы толук болот. Мен Кудайга ишенген адаммын, Кудай баарыбызды карап турат. Мени силер ооруган аялыма карабай жана үч чиедей болгон балдарымды чыркыратып туруп, адилетсиз, саткын Алга Кылычовдун көргөзмөсү менен камадыңар. Кудай бар, Кудай жазаңарды берсин! Мен кылган күнөөм үчүн түрмөдө отурган жокмун, мен Атамбаевди сатпаган үчүн түрмөдө отурам. Мага абийир, ар-намыс өлүмдөн кымбат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер