Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Айып пулдар чынчыл журналисттерге эмес, калпычы блогерлерге багытталган”


-- Акбөкөн Дүкенович, жалган жалаа үчүн айып пулдарды көтөрүү боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатканынан кабарыңыз бар чыгар. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
-- Кеп мында болуп атпайбы, сиз журналистсиз, сизге университетте беш жыл туура сүйлөөнү, маек алуунун этикасын үйрөткөн. Бир сөздү, атүгүл бир тамганы туура эмес айтып койсо, эфирден алып салчу. Бүгүн сегиз класстык, беш класстык билими барлар “мен журналистмин, блогермин” деп камерага тартып, оозуна келгенди оттоп жатышат. Жалаң негативди көрүүдөбүз. Баягүнү телевизорду карап отурсам, бир аял көйнөгү көтөрүлүп жатып калган экен, бир блогер ошону тартып атат. Экинчиси “бир баланы машина менен уруп кетти, ким жардам берет?” дейт. Өзүң эмнеге жардам бербейсиң камераңды таштап коюп? Журналист болсо эле эл “бул чындыкты айтат” деп ойлойт. Акыйкаттын да эки түрү бар да. Сага жага турган чындык, анан сага жакпай турган нерсе. Журналист деген ким? Маалыматты алып, анан түшүнө тургандай кылып элге берет. Өзү эчтеке кошпойт, бурмалабайт. Өз каалаганыңдай бурмалап, жамандап жазып койсо эмне болот? Кээде үй-бүлөлөр бузулуп кетип атпайбы. Өткөндө менин бир кесиптешим жөнүндө машинаны көрсөтүп эле, анан үндөрдү угузуп койду. Бирок, элдин көпчүлүгү “чын экен” деп ишенип калды да. Ошон үчүн менин оюм мындай: эгер сен нагыз журналист болсоң, маалымат келдиби, текшер. Текшербей туруп айтпа.
-- Анда чараларды катуулатууга зарылдык бар дейсизби?
-- Менин оюмча, бар. Себеби, бүгүн журналисттер “сен кошоматчысың”, “пахта коёсуң” деп бири-бирин чапкылап, тепкилеп атышат. Ошондуктан, журналист жалаң чындыкты айтууга тийиш. Эгер айып пулдарды көтөрүү сунушталып жаткан болсо, ал таза иштеген чынчыл журналистке эмес, калпычы блогерлерге багытталган.
"Азия Ньюс" гезити











