Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үч күндөн кийин тою боло турган жигит кырсыктан каза тапты

Үч күндөн кийин тою боло турган жигит кырсыктан каза тапты

20-октябрь, 19:29
1 037 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ноокат районунда жол кырсыгынан кийин комага түшүп калган жигит каза болду. Бул тууралуу аймактык ооруканадан билдиришти. 

Маалым болгондой, К. уулу М. алган жаракатынан улам 18-октябрда саат 06:00 чамасында өзүнө келбей каза тапкан. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн Ош шаарынан чакырылып, Бишкектеги нейрохирургдардын катышуусунда жыйын дагы өткөрүлгөн. Бирок бул аракеттерге карабастан, жигитти сактап калууга мүмкүн эмес болгон. 

Жол кырсык 12-октябрда кечки саат 9дар чамасында Көк-Бел айыл аймагында болгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Лексус үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдыкта бара жаткан. Ошондуктан, карама-каршы тилкеде бара жаткан Хюндай Аванте үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун жээгине токтоп, Лексустун өтүп кетүүсүн күтүп турган. Бирок ал токтоп турган унааны келип сүзгөн. Ош облустук ЖККУнун маалыматында, Лексус 450 унаасын 1992-жылы туулган Т.Н. башкарып, Ноокатка бара жатканы белгилүү болгон. Ал Чеч-Төбө айылында Хюндай Аванте унаасынын айдоочусу 1994-жылы туулган жергиликтүү тургун Э.Б.ны сүзүп алган. Кырсыктан кийин дароо эки айдоочу тең Ноокат райондук ооруканага жеткирилген. 

Тургундардын айтымында, “Лексустун” айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен жана аталган окуядан бери үйүндө жок. Ал эми жабырлануучунун үч күндөн кийин, тактап айтканда, 15-октябрда тою болмок...
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер