Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эл эмне дейт? Өкмөт парламенттик шайлоо бүткүчө ордунда калат

Эл эмне дейт? Өкмөт парламенттик шайлоо бүткүчө ордунда калат

06-январь, 13:00
806 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы жыл астында ажо көздөй жакындары менен резиденциясында кеңешме өткөрүшүп, өкмөттү парламенттик шайлоо бүткүчө калтырууну чечишиптир. Бирок, айрым жакпаган министрлерди алмаштырууну да пландашат (алар кимдер экени электен өтүүдө).

А реалдуу турмушта премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев өз милдетин аткара албай, баардык системаны туташ кризиске алып баратканы жалганбы? Экономикалык көрсөткүчтөр начар, инвестиция келбейт, жумушсуздук арбып, барган сайын социалдык көйгөйлөр курчуп баратат. О.э. күч органдарынын жетекчилери коомчулуктун кыжырына тийип бүтүштү! Жазга карай Кой-Таш окуясы боюнча тарыхый кылмыш иши сотко өтсө, жергиликтүү эл толкуп кетпейби?..

Адаттагы митингдерди күтүп отурбай эле алдын-ала бүжүрөгөн өкмөт башчыны кетирип, демилгелүү лидерди көтөрүш керек болчу. Министрлер кабинетин да жаңылап. Ошондо элде үмүт пайда болмок. 

Тилекке каршы, бизде камырабаган сапатыбыз бар эмеспи. Качан гана саясый кризис башталганда эсибизге келип, “классикалык үлгү” дейбизби, аргасыздан “кол бала” өкмөттү түштөн кийин садага чапмай адатыбыз бар. Мындай ыкма Акаев режиминен бери келатат...

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер