Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Йодду толуктап, иммунитетти көтөрчү 10 азык

Йодду толуктап, иммунитетти көтөрчү 10 азык

22-ноябрь, 12:15
530 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аллерголог, иммунолог, педиатр Елена Парецкая организмде йоддун запасын толуктап, иммунитетти бекемдөөчү он азыкты атап, ал тизмени жарыялады.

Адистин айтымында, йод жетишсиз болсо бүт организм жабыркайт. Балдардын боюнун өсүүсү жайлап, акыл-эсинин жетилишинде да көйгөй жаралат. Улууларда болсо иммундук коргоо деңгээли төмөндөп, жумушка болгон жөндөмдүүлүк начарлайт. Адам йод жетишпеген абалда көпкө чейин жүрө берсе, богок оорусуна кабылат: мойну жооноюп, онкологиялык илдеттин пайда болуу коркунучу күч алат.

Парецкаянын пикиринде, организмге йодду толуктап турчу азыктардын сап башында клюква, кулпунай, кара өрүк, креветка, треска, тунец балыктары, үндүк эти, кабыгы аарчылбаган картошка, ак буурчак жана деңиз капустасы турат. Бул азыктардын баары йод, башка микроэлементтердин жана витаминдердин бай булагы болуп саналат.

Организмдеги йоддун жетишсиздигин байкоо үчүн бир нече белгилерге көңүл буруу зарыл. Адамдын көңүлү чөгүп, сабыры суз тартат, уйкусурап шалдырайт, кыжыры бат келет, кан басымы "ойноп" турат, башы ооруйт, табити жоголот, чачы менен тырмагы түшөт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер