“22 жаш улуу байке колумду сурап...”
Мен 23төмүн, ичимдеги нерсени ушул сайтка жазгым келди. Мындан үч ай мурун апам катуу ооруп, дары-дармектери кымбат болуп, акча аябагандай керек болду. Апам менен атам бир адамдын колунда жумушчу болуп иштеп жүрүшкөн. Ал жердин шефи жакшы адам эле. Акча керек болгонунан мен апам үчүн бардык нерсеге даяр элем. Оюмда мен эмне болсом да апам жакшы болушун Кудайдан тилендим. Ошентип ал байке апамды күчтүү врачтарга каратып, дарыларын өзү алып берип жатты. Кудайга шүгүр, азыр жакшы.
Ал байке менден 22 жаш улуу, бирок ал мени жакшы көрөрүн дайыма айтып, көзүмдү карап турат. Апамдар менен да мамилеси абдан жакшы. Анын да аялы ооруп, жатканга мүмкүн эмес болуп калыптыр. Эми мага “сени экинчи аял кылып алам, нике кыйдыралы” деп жатат. Мага такыр тийишпейт, квартира, кийим-кечектериме жардам берет. Өзүм кызмын, жигит менен да сүйлөшкөн эмесмин. Мен певмония болуп ооруп калганымда да ошол байке каржылап караган. Апам да ал байке мени жакшы көрүп калганын сезип калган. “Биринчи аялым менен тааныштырам, экөөңдү тегиз карайм” дейт. Мен да ошол адамга акыркы күндөрү көнүп бараткандаймын...
Алия