Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талибдер Ооганстандагы 20 жылдык согуштун аяктаганын жарыялашты

Талибдер Ооганстандагы 20 жылдык согуштун аяктаганын жарыялашты

16-август, 14:35
1 472 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Талибан” кыймылынын саясый кеңсесинин расмий өкүлү Мохаммад Наим Ооганстандагы согуштун аяктаганын жана өлкөдөгү башкаруу формасы жакынкы убакта ачык-айкын болорун билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

“Биз 20 жыл мурун өлкөбүздө башталган бул согушту токтоттук” дейт Мохаммад Наим.

Ошондой эле оогандыктарга жана чет элдик дипломаттарга коопсуздук кепилдиктерин айтып өттү. Анын айтымында, талибдер бардык ооган лидерлери менен маектешүүгө даяр жана алардын коопсуздугуна кепилдик беришет. Мындан тышкары, маектешүү аркылуу коомчулуктун коркуу сезимин басууга жана башка мамлекеттер менен байланышты сактоого даяр экенин билдирген.

Эске салсак, жекшембиде “Талибан” кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, Тажикстанга качып кеткени маалым болгон. Учурда талибдер бийликти тынчтык жолу менен тез арада өткөрүп алууну күтүп жатышканы айтылууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер