Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кайын журтума эч качан жагынбайм” деп шарт койгом...

“Кайын журтума эч качан жагынбайм” деп шарт койгом...

07-август, 22:30
1 243 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул менин экинчи турмушум. Биринчи никемден бир уулум бар. Азыр кайын журт менен жашайм. Бирок өзүмө “эч качан жагынбайм деп шарт койгом. Күйөөм жакшы адам. Көзүмдү карап, баламды жакшы көрүп, мээримин аябайт. Ушул жетиштүү. Калганы маанилүү эмес. Кайненем, кайын сиңдилерим бар. Ар кимиси өз алдынча. Бирөө деле «кел, чогуу жасайлы» дебейт. Бир жакка барыш керек болсо да мени күтүшпөйт. Башында өзүмдү жаман сезчүмүн. Анан бир күнү ойлондум, “апам мени бирөөгө кызмат кылсын” деп чоңойткон жок да. Ошондон баштап өзүмдү биринчи орунга койгонду үйрөндүм.

Билип койгула, кыздар, өзүңөрдү тебелетпегиле! Күйөөңөрдүн үйү – эми ал силердин да үйүңөр. Ошондуктан өз мыйзамыңарды коюуга укугуңар бар. Бирок акыл, сабыр менен. 

Башында менин да кайын журтум шыбырап, шек санап жүрүштү. “Бул келинибиз көпкө чыдай албайт” дешкенин уккам. Эмичи? Азыр тынчып калышты. Анткен мен кайын журтка жагынбайм, күйөөмө жаксам болду. Ал менин сөзүмдү сүйлөйт, мен анын көңүлүн көтөрөм. Биздин тил табышканыбыз – ошол жеңиш.

Эң башкысы, күйөөңөрдү ыраазы кылгыла. Анын сөзүн эки кылбай, сыйлап тургула. Эркектерге эң керектүүсү жакшы сөз, колдоо, жылуу мамиле. Ушулар болсо, ал силер тарапка өтөт.

Биздин ден соолугубуздун мыктылыгы – эртеңки күнүбүздүн кепилдиги. Ошондуктан ден соолугубузга убагында кам көрөлү.


Айдай  

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер