Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жыргалбек ТУРУСКУЛОВ: “Өкмөт иштей албай, бажыдан 3,5 миллиард сом түшпөй калды”

Жыргалбек ТУРУСКУЛОВ: “Өкмөт иштей албай, бажыдан 3,5 миллиард сом түшпөй калды”

25-октябрь, 09:47
454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жыргалбек мырза, 9 пайыздык босого чекти азайтуу боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Эгер 9 пайыздык чек ушул бойдон калса, анда “кийинки шайлоодо олигарх парламент келет” деп айтканга негиз болобу? 

-- 9 пайыздык шайлоо босогосун депутаттар көпчүлүк добуш менен колдоп беришкен. Мыйзам келаткан жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Азыр бул маселенин тегерегинде кызуу талкуу, сөз болуп, 5 пайызга, же 3 пайызга түшүрүү керектиги сунушталып жатат. Жаңы жылга чейин бул сунуштарды карап көргөнгө мүмкүнчүлүк бар. Көпчүлүк “9 пайыз бойдон калсын” дешсе, калат.

-- Сиздин жеке оюңуз кандай?

-- Менимче, биз 9 пайыз босого чек бойдон шайлоого барганыбыз туура. 

-- Ал эми парламенттин иштөө мөөнөтүн үч жылга кыскартуу демилгесине оюңуз кандай?

-- Ар бир депутат каалаган оюн, сунуш-пикирлерин айтуу укугуна ээ. Жогорку Кеңеш канча жылга шайланып, иштеш керектигин айтып чыккан кесиптештерим болду. Негизи, ар бир шайлоону өткөргөнгө мамлекеттик казынадан 1 млрд. 200 млн. сомдон ашык каражат сарпталат. Азыркы биздин бюджетттин чама-чаркына бул аябагандай оор. Ошондуктан, азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча калтыруу, парламент беш жылга шайланганы эле туура го.

-- Өкмөттүн лента кесип, арка, фитнес залдардын ачылышына катышып жатканы соцтармактарда сынга алынууда. Бул иштер өкмөттүн иш компетенциясына киреби?

-- Өкмөт акча каражатын таап, социалдык объектилерди, бала бакча, мектептерди салып, сөзсүз түрдө ачылышын кылганы илгертеден эле болуп келген. Имаратты жакши ниетте куруп, өткөрүп бергендин эмнеси жаман? Көрүп атасыздар, өз чөнтөгүнөн каражат бөлүп, “элге кызмат кылсын, пайдасы тийсин” деп куруп, салып берсе, аны да жактырбай жатышат. Ар бир жакшы ишти жакшы кабыл алганга үйрөнсөк. Кээ бирөө бир чырпык сая албай, сындаганга өтүп алды. Жакшы жагын да айтып туруш керек.

-- Кечээ 2019-2020-жылдын бюджетин караган жыйында да өкмөттүн иш алпаруусу боюнча негиздүү сындар айтылды. Өкмөттүн иши сиздин купулуңузга толобу?

-- Өкмөт иштеп жатат. Иштеген адамга сөзсүз түрдө сын-пикир айтылат. Жасап жаткан да, колунан келбей, жасай албай жаткан да иши бар. Сындар ушундан улам чыгат. Биз да фракция жыйынын өкөрүп, 9 айдын жыйынтыгын карадык. Чындыгында, депутаттар бекитип берген планды өкмөт аткара албай жатат. 1,5 миллиард сом салыктан, 3,5 миллиард сом бажыдан түшпөй калды. Жалпысынан 5 миллиард сомдой түшпөй жатат. Бирок, жыл соңуна чейин дагы убакыт бар. Бул акчаны камсыз кылыш керек. Антпесе, көп пландалган иштер бүтпөй калат. Анда “өкмөт ишин аткарган жок” деп баа берсек болот.  


Динар ТУРДУГУЛОВА

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер