Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апам “аялыңды же мени танда” дейт. Кимиси?

Апам “аялыңды же мени танда” дейт. Кимиси?

26-апрель, 17:39
1 343 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Соцтармактагы “Кызыктуу” тайпасы атын жашырган жигиттин катын жарыялады. 

“Азыр аябай жаман абалдамын. Эмне кыларымды билбей жатам. Аялым апам менен эч батышпай жатышат үйдө. Апам аялыма жаман мамиле кылат. Тамак жасаса дагы жакпайт, үйдү жыйнаса дагы тийише берет.

Анан бир күнү жумуштан үйгө кечирээк келсем, аялым апама кол көтөрүптүр. Бирок аялымды дагы түшүнөм, күндө бир нерсе кылса, анысы апама жакпаса, ошондой жарылып кетет да. Апам болсо аялың менен ажыраш, же мени тандайсың, же аны деп туруп алды. Эмне кыларымды билбей жатам. Күнөө экөөндө тең бар, бирок аялымды катуу сүйөм, ал жок жашай албайм. Квартирага чыгып кетсекпи деп ойлонуп атам. Кеңеш бериңиздерчи?

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер