Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдырахман Маматалиев мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо алгылыктуу иштеген

Абдырахман Маматалиев мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо алгылыктуу иштеген

03-апрель, 19:34
713 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Азия Ньюс” гезитине жарыяланган макала боюнча мамлекеттик кадр кызматынын пресс кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет: 

Абдырахман Маматалиев КР өкмөтүндө вице-премьер кызматын аркалаган мезгилде чек ара маселелерин жөнгө салууда, чектеш мамлекеттер менен болгон көйгөй иштерди мамлекет аралык келишимдин негизинде ишке ашырууда, көп жылдардан бери чечилбей келген көйгөйлөрдү чечүүдө, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо көптөгөн алгылыктуу иштерди жүзөгө ашырган. Убагында жүргүзүлгөн конкреттүү чаралар жөнүндө КР коопсуздук кеңешинин жыйындарында белгилегендиги жөнүндө маалымат коомчулукка кеңири белгилүү. 

Ал эми азыркы мезгилде мамлекеттик кадр кызматы тарабынан КР президентинин “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” жарлыгынын алкагында иш-чара жүрүүдө. 

Райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдерди жана орун басарларын аттестациялоо өткөрүлүүдө. Аттестациялоо комиссиянын курамында ар бир облустан кадыр-барктуу, мамлекеттик муниципалдык кызматта көп жыл иштеген тажрыйбалуу эки киши, президенттин жана өкмөттүн аппаратынан, министрликтин жана коомчулуктун өкүлдөрү иш алып барууда. 

Белгилей кетчү нерсе, учурда акимдердин, министрлердин, президенттин жана өкмөттүн аппаратынын кызматкерлерин конкурстун негизинде кызматка алуу боюнча азырынча эч кандай иш-чара жүргүзүлө электигин жана бул багытта иштерди жүргүзүү жогорудагы комиссиянын ыйгарым укугуна кирбей турганын белгилеп кетмекчибиз. 


Мамлекеттик кадр кызматынын пресс кызматы 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер