Токторбаевдин “шоусуна” эл тоюп бүттү


Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев иштегенин милдет кылабы? Кызматын аркалап атса, анүчүн айлык алат, мамлекеттин камкордуктарын көрүүдө. Тилекке каршы, бул эргул баскан-турганын видеого тарттырып, жарнамалап, өлкөдөгү №1 пиарщикке айланды. Ыксыз жоруктарды жасап жатса да, “кой-ай” деп койгон кожо жок. Лексикону да кыжырды кайнатууда. Эки-үч сөз орусча аралаштырып, кыргыз тилин зордуктап аткан кербезиби? Муну менен коомчулукка терс үлгү жаратууда. Орусча аралаштырып сүйлөсө эле билимдүү, же интеллигент болуп калбайт да. Эки тилди башаламан кылбай барк-баасы менен жүрсө не? Мындай ыраатсыздыкка чыныгы илимдүүлөр күлө башташты. Анан калса, Жеңишбек Токторбаевди жандап жүргөн жетекчилер да тажап бүтүшкөнүн кайда жашырабыз? Мамлекеттик этика дегенди билбесе, ар кимди кекетип, келекелеп эле видеолорун чыгарып, тараттырып атса, а жөнөкөй жарандардын да укугу корголушу керек го? Көпчүлүк башында мэрдин пиар кылганына таңгалып, түшүнбөй да жатышкан. Азыр болсо Токторбаевдин “шоусуна” элибиз тоюп бүттү. Кылган иштери канчалык деңгээлде мыйзамдуу экени убагы келгенде талданса керек.
"Азия Ньюс" гезити











