Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курманбек Мусаев: “Абдилдей азамат жүз жылда бир жаралат. Ал элине кыянаттык кылган жок”

Курманбек Мусаев: “Абдилдей азамат жүз жылда бир жаралат. Ал элине кыянаттык кылган жок”

12-апрель, 12:52
873 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курманбек ага менен тар чөйрөдө жолугуп калдык. Жакындан таанышсам, өзүмдүн эле агам болуп чыкты. СССРдин КГБсында бир топ жыл, ага чейин чейрек кылым Кыргызстан Компартиясынын 1-катчысы кызматын аркалаган кадимки эле Турдакун Усубалиевдин жансакчысы болуп иштеген экен.  Кызыктуу окуяларын ортого сала отурду. Ошол эле мезгилде ардагер катары УКМКнын мурунку жетекчиси Абдил Сегизбаев тууралуу эки ооз кебин кошумчалай кетти.

-- Курманбек ага, андагы СССРдин КГБсында канча жыл иштедиңиз, кайсы чинге жетип, анан ардактуу эс алууга чыктыңыз, эмне иш кылат элеңер? Суроолорум дүңүнөн болуп кетти. Чет-четинен айта берсеңиз болот.

-- Туура айтасың Сурат иним, андагы КГБда 25 жыл кызмат кылдым. Оперативдик иштерди аткарып келдик. Андан бери канча жылдар өтсө да, кылган иштерибиз, элибизге кылган кызматтарыбыз, мейли 50 жыл өтсө да айтылбайт. Сверхсекретно! Катардагы лейтенанттан полковник чинине чейин жеттим. Союз тараганда, 1992-жылы отставкага кеттим. КГБнын ардагеримин. 

-- Ошо кезде сиздин КГБда иштеп жүргөнүңүздү ага-тууган, жек-жааттар билчү беле?

-- Бир топ жыл билбей жүрүштү. Аларга деле айтчу эмесмин, алар деле сурашчу эмес. 10 жылдан ашык кызмат кылгандан кийин биле башташты. Өзүм балдар үйүндө тарбияландым. Туугандарым жокко эсе. 

-- КГБга кандайча орношуп калгансыз?

-- Фрунзе заводунда инженер-технолог болуп иштеп жүргөндө тандап алган. Экөөбүздү жактырышкан экен. Бирөөсү орус улутундагы болчу. Ал беспартийный экен. “Жолдош Боярский, вы свободны!” деп койду. А мен КПССтин мүчөсү болчумун. Боюм да 170 сантиметр эле, мени кызматка алды.  

-- КГБга кандай шартта кызмат кылуу боюнча жөн-жайлары айтылса керек?

-- Албетте, баары айтылчу. Кызмат боюнча кылып аткан иштерибиз эч жакка чыкпаш керек. Эгер тартип бузуп, коомчулукка билинип калса, жумуштан айдачу. Эки катын алгандарды же “экинчи катын алам” дегендерге катуу эскертүү берилип, учетто турушчу. КГБга жалаң комсомолдун же партия мүчөсүн алышчу. Жүрүм-турумдары начар, аялын уруп-сабаган, же ойнош күткөндөрдү да жумуштан токтоосуз кетирчү. Оперативник кызматтан штабдын начальнигине чейин жеттим. 

-- Жылына бир жолу эмгек өргүүсүн бергенде кайда барып эс алат элеңер?

-- Атайын СССРдин КГБ кызматкерлери эс ала турган курортторго жиберчү. Сочи, Ялта, Трускавец ж.б. шаарлар. Эми шарттары укмуш эле. Эс алып жүрүп да кызмат боюнча кеп кылуу катуу тыюу салынган. 

-- Турдакун Усубалиевге жансакчы болуп иштегениңизден кабарыбыз бар. Ушу тууралуу уксак дедим эле?

-- 1976-жылдан 1985-жылдын күз айларына чейин, баш-аягы 10 жыл иштедим. Бизде азыркыдай кулагына наушник сайып алып, жакасындагы микрофон менен сүйлөшө турган аппарат жок эле. Болгону жанымда тапанча бар болчу. Эки жансакчы: бир күнү мен, бир күнү башкасы. Турдакун ага ар дайым машиненин алдыңкы орунунда отурчу, мен болсо арттагы эки орундуктун ортосуна отуруп, жолду карачумун. Жерге түшкөндө аркасынан 1-1,5 метр аралыкта жүрөм. Эгер эл менен жолугушууда тааныган киши болсо учурашчу, тааныбаганын жеткизбей токтотуп калчумун. Баш ийбесе, колун билектен алып, бурап коём.

-- А киши менен жай турмуш тууралуу сүйлөшчү белеңер?

-- Алыс жолго чыкканда, Кочкорго атасыныкына баратканда сүйлөшүп барчубуз. Элдин маанайын сурачу, базардагы бааларга кызыкчу, андагы абалдарды айтып берчүмүн. 

-- Кыз-келиндерге мамилеси кандай эле, “сол” жакка барчу белеңер?

-- Сен айткан “сол” жакка барганын бир да жолу көрбөдүм, билчү эмесмин. Турдакун Усубалиевич эртең менен саат тогузда жумушка келет. Кечинде саат ондо кайтчу. Катуу иштечү. Москвага барганда “Торговля” деген бүткүл союздук иш-чара болор эле. Андагы орус келиндер таанып, “Турдакун Усубалиевич, здравствуйте, что вы хотели?” дешет, “Мне снохе, хозяйке что-то подходящее” деп коёт, акчасын берет. 

-- Сиз жансакчысы катары жеке көйгөйлөрүңүз менен кайрылдыңыз беле?

-- Менде андай көйгөй болгон жок. Өзү бир жолу мага кайрылды: “Менин милдетим силерди турак жай менен камсыз кылуу. Үй алып берейин. Ушул жагын ойлонуштурчу? Биздин иштеген жакка жакын болсо жакшы болот эле. Жаңы курулуп аткан турак жайлардан өзүңө жакканы болсо мага айт” деди. Анын баарын управ.делами тейлечү. Бир сөз менен айтканда, жансакчылык жумушка киргиче эле үйүм бар болчу. Ошого карабастан Орозбеков көчөсү менен Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинен 4 бөлмөлүү үй беришти. Ошондо туруп калдым. Азыр ал жерде кызым турат.  

-- Сөздү жыйынтыктайлы, КГБнын ардагери катары алардын иштери тууралуу азыр да көз салып турасызбы?

-- Сөзсүз көз салам. Азыркы акыбал, күч структураларынын иштери туура эмес болуп аткансыйт. Саясатчыларды куугунтуктоо же камоо менен алектенип атканы байкалат. Элдин ишенимин толук актай албагандай түр жаратууда. Өткөндөн сабак албай атабызбы, тескери иштер болгонсуп атат. Саясый куугунтук жакшылыкка апкелбейт. Мунун далайын көрдүк. Абдил Сегизбаев өз учурунда мекемесине чоң иштерди жасады. УКМКнын бейтапканасын сонун кылып оңдотту. Абдилге чейинки жетекчи ар бир жаткан бейтапка күнүнө акча төлөтчү. Муну Абдил алып салды. Ысык-Көлдөгү пансионатты да жакшыртты. Эки жылдын ичинде кызматкерлерге деген турак жайларды бүтүрүп, толугу менен камсыз кылды. Байлык күтпөгөнүн да айтып коюшум керек. Ушу жигитти адилеттүү түрдө түрмөдөн бошотсо жакшы болгону турат. Абдилдей азаматтар жүз жылда бир жаралат. Анын ичинде Садыр Нургожоевич да бар. Абдил элине, жерине кыянаттык  кылган жок. Үй камагына чыгарып койсо жарашып калат эле...   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер