Үнү кубулжуган Гүлсина айым, картайганда мен үчүн жаралгандайсың...
(Гүлсина Чотоновага!)
Мен сени “Кара кыз” деп тааныйм, билем. Сага болгон сүйүү сезимим чексиздей сезилет. Анын мизи качан кайтат белгисиз. Картайып баратам. А сен жашаргандан жашарып, кубулжуйсуң. Жакшы көрүп, кыялың-жоругуңду койнума катып келатканыма 10 жылдын жүзү болду, чиркиндики! Кээде терең ойго чөмүлгөндө сенин сулуу жүзүң маңдайыма кадалат да турат. Жаркылдап келип сүйүү ырларын биринин артынан бирин созуп, бийге чакырасың. Кымча белиңден имере тартып, карегибиз карекке кадала түшкөндө башыңды жерге салып, “дагы ырдап берейинби?” дейсиң. Мен, менчи... “Вальс бийлейличи” дейм да бутуңду басып албас үчүн кайра “ырдап берчи, жанагы “Менде да жүрөк бар” деген ырыңды” дейм... Бул ыр экөөбүз үчүн жазылгандай... Гүлсина, сен мен үчүн жаралгандайсың...
Болот, Бишкек
"Азия Ньюс" гезити