Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашат экен”

Гүлшаркан Култаева, ЖК депутаты: “Ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашат экен”

07-июнь, 22:42
304 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлшаркан Оконовна, бүгүнкү кеңешмеде Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизген долбоор үчүнчү окуудан кабыл алынды. Бул мыйзам бизге эмне берет?

-- Азыр санариптештирүү өнүгүп жаткан мезгил. Ушундай шартта жарандар аралыктан туруп эле арыз жазып, никелешүү же туулгандыгы тууралуу күбөлүктү электрондук түрдө алганга мүмкүнчүлүк алышат. Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барып, кечке кезекке туруп, убара болушпайт. Өзгөчө жаңы төрөгөн, жаш балдары бар энелер үчүн жеңил болот. Кезек көбөйгөндүгүнө байланыштуу буга чейин КТБларды кеңейтип, тейлөөчү персоналдын санын көбөйтүү боюнча маселе көтөрүлүп келген. А биз болсо азыр санариптештирүү мезгили болуп атканда жаңы имараттарды куруп, кызматкерлердин санын көбөйтүп, аларга айлык төлөштүн кереги жок, баарын электрондук каттоого өткөрүш керек (!) деген маселени коюп атабыз. Биз бүгүн кабыл алган мыйзам ошого багытталган.

-- Комитеттин отурумдарынын биринде сиз Үй-бүлөлүк кодекске да өзгөртүү киргизүүнү сунуштадыңыз эле. Ага кандай зарылчылык болууда?

-Мен алган маалыматтар боюнча, жылына 44 миң адам баш кошсо, алардын 12 миңи, башкача айтканда, ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашат экен. Үй-бүлө кодексине ылайык, аял кош бойлуу кезинде жана баласы бир жашка чыкканга чейин күйөөсү менен ажыраша албайт. Бирок, көп жубайлар аялы кош бойлуу, же жаңыдан төрөгөн мезгилде ажырашып кетишет да, натыйжада баланын жалаягына, тамак-ашына, ооруса дары-дармегине акча эң керек мезгилде аялдар алимент алалбай калып жатышат. Мына ушундан улам Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү пикиримди айттым.

-- Кош бойлуу кезинде, же баласы бирге чыкканга чейин ажырашууга тыюу салуу менен мыйзам аялдарга кам көрүп жаткан жокпу?

-- Туура, бул үй-бүлө бузулбасын, аял жаш баласы менен көчөдө калбасын деген кам көрүү. Бирок, практикада ажырашып кетип атышат да. Эне үй-бүлөсү да жок, материалдык колдоосу, алименти да жок калып атат. Мага көптөгөн жаш келиндер арызданышат. “Күйөөм таштап кетип калды, же кабар албайт, же жардам бербейт. Алимент кестирип алайын десем сот ажыраштырбай койду деп кайрылышууда.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер