Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ош шаарынын мэри алмашты

Ош шаарынын мэри алмашты

29-ноябрь, 12:01
758 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэрлигинен бошотулуп, анын ордуна Бакытбек Жетигенов дайындалды.

Мэр алмашуу президент Садыр Жапаровдун эки жарлыгына ылайык ишке ашты. Бул маалымат президенттин сайтына бүгүн, 29-ноябрда жарыяланды.

46 жаштагы Алмаз Мамбетов Ош шаарына былтыр 26-августта мэр болуп шайланган. Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 43ү макулдугун берген.

Мамбетов ага чейин президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген.

56 жаштагы Бакытбек Жетигенов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. 2021-жылы ноябрда "Бийликти күч менен басып алууга даярдануу" деген айыптын негизинде кармалган. 2021-жылы 23-декабрда бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдугун берген эмес.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер