Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат министрлердин аянтта дарга байланган жипти карап ант беришин сунуштады

Депутат министрлердин аянтта дарга байланган жипти карап ант беришин сунуштады

14-октябрь, 13:18
1 600 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Садиков министрлер кабинетинин төрагасы менен мүчөлөрү аянтка чыгып, дарга байланган жиптин алдында ант берүүсүн сунуштады. Эл өкүлү министрлер анттын ыйыктыгынан коркпой калгандыктан ушундай кадамга баруу керек деп эсептейт.

“Буюрса, бир аз убакыттан кийин ишиңиздерди ант берүү менен баштайсыздар. Ант берүү – касам ичүү, эр жигиттин башын сайганы деп түшүнөм. Биз 30 премьер-министр, жүздөгөн министрлердин касам ичип келгенин көрдүк, бирөөнүн дагы башы калган жок ушул жерде. Аз жегенин аш болсун деп, көп жегенин бир аз “кустуруп” жөнөттүк. Анттын ыйык экенин сезбесеңиздер, анда эмнеге ант бересиңер? Андай болсо аянтка чыгыңыздар, ошол жерге дарды коюп, эки метр жипти тиктеп туруп ант берип көрүңүздөрчү? Акылбек Үсөнбекович, артыңызда канча адам калганын ошондо көрөт элек” деп кайрылды Садиков. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер