Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Өмүрбек Суваналиев кайсы кызматка барат?

Генерал Өмүрбек Суваналиев кайсы кызматка барат?

14-январь, 19:13
2 305 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттик шайлоо өнөктүгү башталгандан аягына чейин Садыр Жапаровдун оппоненттери, айрым саясый күчтөр катуу сындашып, соккуларды жасап жатышты. Үстөмдүк кылгандар арбып, жалпы кырдаалды солкулдатууну эңсегендер да байкалган. Мындай шартта Өмүрбек Суваналиев калыс сөзүн айтып, Садыр Жапаровдун артыкчылыктарын ачыктап, элдин колдоосуна арзый турганын, туруктуулуктун кепилдигин камсыздай аларын жашырган эмес. Ошентип, шайлоо күнүнө чейин реалдуу картинаны ЖМКлар аркылуу билдирип турду. Эң башкысы, генерал Суваналиев башкалардай кошомат кылуудан бийик болуп, карапайым калктын мүдөөсүнө жараша Садыр Жапаровду колдоду. Ансыз да саясый элита ойноктоп аткан жагдайда, башкы талапкерге “Комиссар Каттанинин” дем бергени кубантарлык көрүнүш эле. Кызыгы, саясатчылар, эксперттер алдын ала кызыгышып, Суваналиевдин кайсы кызматка барарын билгилери келишет. Жазга чейин ушул жагынан жаңылыкка күбө болушубуз мүмкүн. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер