Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Батукаевдин иши боюнча айыпталган Табалдиев менен Атаханов көз будамайлашканда

Батукаевдин иши боюнча айыпталган Табалдиев менен Атаханов көз будамайлашканда

24-сентябрь, 00:16
595 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сокенин бийлиги тушунда Батукаевдин маселеси боюнча Бусурманкул Табалдиевге кылмыш иши козголуп, ал качып кетүүгө үлгүргөн. Артынан издөө жарыяланган эле. Шамил Атаханов болсо камакка алынган. Экөө тең Батукаевди өлкөдөн узатып жиберүүгө айыпталышкан да. Тилекке каршы, убакыттын өтүшү менен коомчулукка чыга башташты. “Кар жаады, из басылды” дештиби? Жо-ок, кечээги былыктары боюнча жоопкерчиликтери каралышы керек да. Эгерде акталышса, кандай негиздер менен “камырдан кыл сууругандай” кутулуп кетишти? Бул жагынан коомчулук астында атайын билдирүү, маалымат берилиши шарт. Укуктук башаламандыкка, “кол ийрисине тартууга” алдырбайлы. Азиз Батукаев өлкөдөн кызыл килем менен чыгарылганда, Бусурманкул Табалдиев УКМК төрагасы, Шамил Атаханов ИИМ жетекчиси эле. Жогорку жоопкерчиликтеги адамдар мезгилдин өтүшү менен ойт беришип, көз будамайлашса жараша береби? Адилеттүүлүк кайда? Калк карап турбайбы... 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер